Кыргыз театрлары Москвадагы жарманкеге катышат

<!–[if !mso]> <! st1\:*{behavior:url(#ieooui) } –>

Москвада 3-5-апрелде өтүүчү IV “PRO-Театр-2009” театралдык жарманкесине М.Рыскулов атындагы Нарын областык музыкалык-драма театры, “Туңгуч” жаштар театры, Барпы атындагы Жалал-Абад областтык драма театры, К.Жантөшөв атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры, М.Жангазиев атындагы куурчак театры жана Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрлары катышат.

IV “PRO-Театр-2009” театралдык жарманкеси театралдык “Золтая маска” XV юбилейлик фестивалынын алкагында өтүүдө. Быйылкы иш чарага КМШ өлкөлөрүнөн 90 ашык чыгармачыл коллективдер катышат. Фестивалдын негизги максаты КМШ өлкөлөрү ортосундагы театралдык байланыштарды жандандыруу болуп саналат. Театр майрамына Европадан да театралдык труппалар катышмакчы.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.