Кыргызстанда адабият жана искусствону колдоо боюнча президенттик грант түзүү сунуш кылынууда

КР маданият жана маалымат министри Султан Раевдин маалыматы боюнча, адабият жана искусствону колдоо боюнча президенттик грант түзүү сунуш кылынууда. Министр азыр КР Президентинин “Адабият жана искусствону колдоону күчөтүү боюнча” буйруктун долбоорун даярдоодо.

С.Раевдин сөзүнө ылайык, бул документ боюнча жалпы республикалык деңгээлдеги 25 чыгармачыл долбоорлор колдоого алынат. Бул гранттын жалпы суммасы 5 миллион сомду түзөт. Министрдин пикиринде, бул акча аз, бирок алгачкы ирет жетиштүү. Ал эми музыка, адабият, киноматография жана искусствонун башка түрлөрү мамлекет тарабынан колдоого татыктуу экендигин министрликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия чечмекчию

Э.Момунов, «Кабар» МА, 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.