Балдар үчүн мыкты чыгарманы аныктайбыз

Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлиги конкурс жарыялады. Конкурсту өткүрүү 2008-жылы 2-декабрда КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жарыяланган. Конкурстун шартына ылайык үч номинация каралган. Эң жакшы поэтикалык, прозалык чыгармалар жана балдар үчүн башка элдерден кыргыз тилине которулган эң мыкты адабий чыгарма. Конкурстук чыгармалар 2009-жылдын 10-апрелине чейин кабыл алынат. Ага 2007-жылдан бери карай жарык көргөн чыгармалар катышат. Балдар адабиятында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан конкурстун лауреаттарына сыйлыктар 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата тапшырылат.

«Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.