Атың чыкпаса…эптеп беш томдук чыгар

КР мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулуна
Кыргыз улуттук университетинин ректору А.Б.Бекбалаевге

Филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү деген абройлуу наамдарына карабастан, олуттуу адабият чөйрөсүндө эптеп ортозаар адабиятчы катары гана анча-мынча эмгектери бар Абдыкадыр Садыковдун чыгармалар жыйнагынын 5 томдугу жарыкка чыкты (А.Садыков, “Кыргыз залкарлары”, Бишкек, “Бийиктик”, 2008-жыл). Ал беш томдук “Автордон” деп аталган баш сөз менен ачылат: “Көп томдуктардын аты жөнүндө. Кыргызда “залкар” “улуу” деген сөздүн синоними. Ал эми “классик” – латын сөзү – “общепризнанный, образцовый” деген мааниде. Азыркы учурда бул экөө тең эле катар колдонулуп жүрөт. Биз үчүн биринчиси алымдуу, жагымдуу, кулакка сиңимдүү сезилет”.

Эмесе ошол томдорду барактап көрөлүк. Биринчи том толугу менен улуу акын Алыкул Осмоновго жана азыркы чоң акындарыбыздын бири Сүйүнбай Эралиевге арналган. Адабий сында жана адабият таанууда кыргыз поэзиясынын туу чокусу катары бааланган Алыкул Осмонов жөнүндө абдан көп жазылды. Азырга чейин бул багытта Камбаралы Бобулов, Салижан Жигитов жана Кадыркул Даутов сыяктуу адабиятчылардын эмгектери тереңдиги жана көп кырдуу мазмуну менен акындын поэтикалык дүйнөсүн ачкан изилдөөлөр катары кабылданып, адистер тарабынан аздектелип окулуп келет. Ал эми илгертен чыгармачылыгында ортозаар деңгээлден эч убакта көтөрүлө албаган Абдыкадыр Садыков Алыкул темасында өзгөчөлөнгөн бир ойду айта алдыбы, өзүнчө бир багыт таба алдыбы?.. Буга чейин бул жөнүндө эч кандай сөз да болушу мүмкүн эмес эле. Анткени, ашмалтайы чыккан ойлорун өзүнүн бүт болгон графомандык дарамети менен (мээ, жүрөк аркылуу эмес, өжөр, долуланган кара күчкө салып гана), канчалык көп, көлөмдүү жазууга далалат жасап келсе да, ушул кезге чейин бир дагы эсте калган чакан макала да жарата албады. А бул ирет… Садыковдун беш томдугунда дүйнөлүк адабият тарыхында болбогон бир жаңы “ачылыш”, анын жолун жолдошкон шакирттерине үлгү боло турган “жаңылык” жасалыптыр! Плагиаттык (адабий уурулук) жол менен эле беш-он томдукту оңой эле чыгарып салууга болорун өз тажрыйбасында көрсөтүптүр…

Биринчи томдуктун 138-бетинен 258-бетине чейин Абдыкадыр Садыков жеке өзүнүн эмгеги катары мурда чыккан башка автор менен биргелешип жазган китебин “авторлошуп жазылган” деп эскертүү бербей (А.Садыков, С.Чыныбаева, “Алыкул Осмонов. Чыгармачылык өнөркана сыры”, Бишкек, 2004-жыл,) үтүрүн да өзгөртпөй, толугу менен киргизип алган. Башкача айтканда, соавторунун эмгегин ага билдирбей “кытып”, уурдап алган. А балким, ким билет, ал соавтор эмес эле, чыныгы автордур? Таза эмес илимий чөйрөдө жетекчилери өз аспиранттарынын эмгектерине соавтор болуп “учкашып”, ошону менен эмгектеринин санын көбөйтүп жүрүшкөндүгү жалпыга белгилүү эмеспи. Соавтор болуп алуу жагынан А.Садыков эч кимди алдыга чыгарбайт. Ал эми плагиат катары – ал дегеле өзүнчө бир “феномен”! Кандай болгон күндө да, эми калган маселени – кимиси чыныгы автор, а кимиси плагиат, – эми алар өзара такташып алышы зарыл. Антпесе, эгерде экинчисинин кандидаттык диссертациясы корголсо, илимий даражасынын мыйзамченемдүүлүгүнө да доо кетип, ал тиешелүү укуктук тартиптерге ылайык жокко чыгарылары айкын.

Ушундай эле жагдай Садыковдун башка дагы бир соавтору Н.Койчуманованын алдында дагы түзүлүп калгандыгын белгилей кетелик. Аталган беш томдуктун 4-томунда (андан эки драматургдун – Токтоболот Абдумомуновдун жана Мар Байжиевдин чыгармачылыгы каралган) “Мар Байжиев – драматург – психолог жана прозачы” аттуу эмгек орун алган (206-313-беттер). Мында да толук плагиаттык орун алгандыгы факт. (Н.Койчуманова, А.Садыков, “Мар Байжиев (чыгармачылык өнөркана сыры)”, Бишкек, 2003-жыл). Садыков аталган китепти толугу менен, адатынча үтүрүн да өзгөртпөгөн бойдон өзүнүкү кылып беш томдугуна киргизип салган!..

…Демейде кыргыз тили бай экендиги менен сыймыктанабыз. Ар бир сөзгө экиден-үчтөн толук мааниде алмаштыра ала турган синонимдер табылары анык. А бирок, сейрек учурларда эч кандай синонимии жок сөздөр да жолугат. Бул да болсо, канчалык парадоксалдуу экендигине карабастан, айланып келип эле кыргыз тилинин байлыгын, таамайлыгын, кыргыз элинин акылмандыгын далилдеп турат. Маселен, “ууру” деген сөзгө синоним барбы?! Жок. А эмне үчүн? Сыягы, ар нерсени өз аты менен гана атап, башка бир нерсе менен чаташтырбоо үчүн болсо керек… Айта кете турган нерсе, биз сөз кылып жаткан Абдыкадыр Садыков мурда эле Кыргыз Улуттук университетинде атайын түзүлгөн официалдуу комиссия тарабынан плагиаттыгы далилденип, бүткүл адабий коомчулукка адабий уурулугу ашкере болгон!

Сөзүбүз куру болбос үчүн ошол документке кайрылалы. “Бишкек таймс плюс” газетасына 2008-жылдын 18-январында “Редакцияга жооп” жана 15-февралында “Садыковдун плагиат болуп калгандыгын танууга мүмкүн эмес” аттуу макалалар жарыяланган. Ал Кыргыз Улуттук университетинин ректораты тарабынан түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгы. Макалага комиссиянын төрагасы – кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, профессор А.Абдыразаков, мүчөлөрү, – профессор К.Даутов, филология илимдеринин кандидаттары И.Жумабаев, А.Медетов жана факультеттин деканынын орунбасары, доцент Б.Биймырзаевдер кол коюшкан.

Ошол материалдардан айрым үзүндүлөрдү келтире кетели. “…Кыргыз Улуттук университетинин “Жарчысынын” (Илимий журнал, 2004-ж. Серия 1, Адабият таануу) төртүнчү чыгарылышына жарыяланган изденүүчү Р.Исакованын “Романтикалык поэзия котормодо” (301-310-беттер) аттуу макаласын профессор А.Садыков “Кыргыз поэзиясы орус тилинде”, “Бишкек, 2005-ж) аттуу китебине (41-48-беттер) чыпчыргасын коротпой үтүр, чекити кандай болсо ошол калыбында, толук бойдон өзүнүн атынан жарыялап жиберген. Кыргыз Улуттук университетинин “Жарчысынын” жогоруда аталган санына (2004, Серия 1) изденүүчү Р.Исакова профессор А.Садыков менен авторлошуп жазган “Акындык “мен” жана анын котормодо сакталышы” (308-310-беттер) аттуу макаласы жарыяланган. Бул эмгекти да профессор А.Садыков “Кыргыз поэзиясы орус тилинде” (Бишкек, 2005) аттуу китебинде (68-78-беттер) авторлошуп жазылган деп көрсөтпөстөн, өзүнүн атынан гана толук бойдон жарыялаган. Бул факыталар формалдуу түрдө илимдин “чокусуна” чыгып”, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор наамдарынын ээси Абдыкадыр Садыковдун илимге жаңыдан кадам таштап, чыйыр салып келаткан изденүүчү Р.Исакованын эмгектерин өз менчигине айландырып, китебине киргизип алуусу илимий плагиаттын ачык-айкын үлгүсү болуп эсептелет. С.И. Ожеговдун белгилүү сөздүгүндө бул терминге мындайча түшүндүрмө берилет: “Плагиат – выдача чужого произведения за свое или незаконное опубликование чужого произведения под своим именем, литературное воровство” (С.И.Ожегов. Словарь русского языка. М., 1985)… Профессор деген бийик наам менен сыйышпаган бул жосунсуз иштери менен Абдыкадыр Садыков биздин мамлекетибиздеги жогорку билим берүүнүн флагманы Улуттук университетинин наамына жана аброюна доо кетирген. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин ректораты чектен чыккан бул факты боюнча тиешелүү чара көрүшү зарыл…”

“…Кыргыз улуттук университетинин илимий турмушундагы бул одоно укук бузуу фактылары жана терс көрүнүштөр университеттин ректораты жана укуктук органдар тарабынан каралып, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылышы керек”.

Анда эмнеге ушул кезге чейин жыйынтык чыкпай келе жатат? – деген суроонун туулушу логикага ылайыктуу десек болот. Жогоруда келтирилген үзүндүлөр Улуттук университеттин ректораты тарабынан түзүлгөн официалдуу комиссиянын жыйынтыгынан. Ал комиссияны ошол кездеги ректор Ырысбек Өмүркановдун түздөн-түз көрсөтмөсү менен проректор Аскербек Садабаев түзгөн эле.

А.Садабаев жеке пикир алышуу учурунда өзүнүн юрист коңшусунан консультация алгандыгын жана бул сыяктуу иштер граждандык сотто гана карала тургандыгын билгендигин, мындан ары бул ишти кароо ошол багытта улантыларын айткан болчу…

Ал эми жогоруда корголгон диссертацияны бекиткен Жогорку Аттестациялык Комиссиянын жетекчиси А.Бөрүбаев дароо эле өзүнүн жооптуу милдетине болгон мамилеси менен өзүнүн жетекчилик гана эмес, илимге болгон шалаакы мамилесин дагы ачык көрсөттү. Бул ишти кароо университеттин иши экендигин айтып, өзүнө түздөн-түз тиешелүү болгон талаш маселени кароодон караманча баш тартып туруп алды. Албетте, мындай мамилени тереңирээк изилдеп көрүп, Бөрүбаевдин мунусу тек гана “өзүмдүн жаным тынч болсун” (Моя хата с краю) деген позиция, же коркоктук эмес экендигин түшүнүү кыйын эмес эле. Бул жерде быкшыган илим чөйрөсүндө терең тамыр жайып алган, өзара мамилелерден өйдө көтөрүлө албаган протекционизм, коррупция таасир этип жаткандыгы айдан ачык эле…

Ал эми официалдуу комиссиянын кылдат текшерүүдөн кийин гана чыгарылган обьективдүү жыйынтыгы арабөк калып, толук түрдө логикага ылайык чара көрүлбөй калгандыгына ошол кезде университеттин ички турмушунда түзүлүп калган субьективдүү жагдайлар себеп болуп калды. Ошентип, А.Садыковдун асмандан тилегени жерден табылып, бир аз тыным алууга мүмкүнчүлүк пайда боло калды. Андан соң, ал комиссия плагиаттыгын аныктап салгандыктан, эми беттырмалык кылып, тек гана “бул ишти эми проректор Садабаев чече берсин” деп коюп, кайра ошол көмүскөдө туруп алып өзүн коргой баштаган ректор Ырысбек Өмүркановго каршы чабуулга өттү.

Айрым маалыматтарга караганда, ошондо Абдыкадыр Садыковдун ишин волокитага салып, создуктуруп жүрүп, акыры биротоло логикалуу жыйынтык чыгарбай, жаап салгандыгы үчүн мурдагы ректор Ырысбек Өмүрканов азыр катуу өкүнүп жүрүптүр… Эмне демекчибиз, бул да болсо анын өзүнүн чечкинсиздиги, принципсиздиги үчүн алган энчиси (расплата!) го дегенибиз туура болор. Анткени, ал ошол кезде окуу жайында реформа жасайм, өзгөртөм деп жарым-жартылай кадамдарга барып, бирок, анысы коллектив тарабынан бир аз каршылыкка тушуккан соң, чочулап, токтотуп койгон эле. Ал кезде Өмүрканов, албетте, Садыков сыяктуу “уюшма топ” болуп алып, өзүнө каршы чыгышып, кийин кыйын кырдаалда калган адамдарды коргоо менен аларды биротоло өзүнө тартып алып, көзкаранды кылып алууну ойлогондугун түшүнсө болот. Эгерде кийин бир нерсе болсо айтмак да: “Эй, баягы комиссия адабий уурулугуңду аныктаганда, мен сени коргоп калбадым беле?! Так, что унчукпай, тынч олтур, сүйлөсөң менин сөзүмдү гана сүйлө!” – деп…

“Кутбилим” газетасында 2008-жылдын 21-ноябрында жарыяланган “Улуттук университетте коррупция колго түштү” – аттуу материалда плагиат Абдыкадыр Садыков (тим эле өзүнүн плагиат эмес экендигин далилдеп, комиссиянын жыйынтыгын жокко чыгарып, моралдык жактан биротоло тазаланып алгансып) башкалардын ишин сынга алууга батынып, окуу жайдын аброюна байланыштуу бир топ сөздөрдү айткан. Мындай учурда орус туугандар: “Чья бы корова ни мычала, твоя бы молчала!” – деп коюшат эмеспи. Же, кыргызча айта турган болсок, – башкалар Улуттук университеттин аброю жөнүндө сөз айтышса да, ал “абройду булгаган” деп комиссия жыйынтыгында түздөн-түз айтылган адам унчукпай эле койгону жакшы деген сөз да!..

Илим чөйрөсүндө тигил, же бул терс иштерди жасап, гумандуу табияты бар тармакка арам иштерди аралаштырган адамдар эч убакта анысы билинбей калат деп ойлобошу абзел. Терең жаңылышышат. Анткени, кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи, чындык эртеби-кечпи көзгө сайып, ачыкка калкып чыгат эмеспи! Демек, убактылуу моралдык-нравалык кризиске кабылган илим чөйрөсү дагы, илимге болгон мамиле дагы кардиналдуу тазаланууга дуушар болот…

Баса, башкалардын макалаларына адабий уурулук жасап, өзүнүкү кылып алып жана да башкалар менен мурда авторлошуп жазылган эмгектерди соавторун көрсөтпөй, жеке өзүнүкүндөй кылып көрсөтүп, ошолордун эсебинен беш томдугун толтурган автор баш сөзүн оголе “оптимисттик” духта аяктаптыр: “…Келечектеги чыгармачылыгымда дагы бир катар залкарлар жөнүндө ой-толгоолорумду жаратуу максатым бар”.

Арийне, мындан төмөнкүдөй бир түкшүмөл пайда болбой койбойт. Сыягы, Абдыкадыр Садыковдун башка дагы бир топ аспиранттары жана докторанттары азыр башка темалардын үстүндө жапырт киришип, иштеп жатышса керек. Алар жазып бүтүшкөн соң, албетте, айрымдарына Садыков көнгөн адатынча соавтор болуп “учкаша” коюшу толук мүмкүн. Каалаган макаласын тек гана Р.Исакованын мурда өзү менен соавторлошуп жарыялаган макаласындай кылып, өзү жеке автор болуп, тартып алат. Калгандарынын дагы бир аз убакыттан кийин, “соавторлордун” фамилияларын да алып таштайт да, айтор, эптеп өзүнүн китеп деген аты бар, бирок, заты жок чыгарып жаткан эмгектеринин санын көбөйтүүнү уланта берет!.. Албетте, анын жеке ою мындан ары да ишке аша бере турган болсо! Буга адабий коомчулук тарабынан, “урматтуу” окумуштуу улам-улам аброюн булгап жаткан окуу жайы жана анын аспиранттары-шакирттери тарабынан кайдыгерлик менен жол бериле турган болсо…

Демек, “беш томдук” жөнүндө жыйынтык сөздү буга таандык органдар тарабынан түзүлгөн комиссия айтып, тиешелүү чараларды чыгарышы керек. Анткени, аларга да көп “иш” табылат. Калган томдуктардын да жарымынан көбү жогорудагыдай эле плагиаттык менен “эптеп” толтурулган…

Мамасалы АПЫШЕВ, «Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.