“Кыргыз маданият борбору” улуу урматтуу Жаныбек Жанызак мырзадан кечирим сурайт

“Кыргыз маданият борбору” блогунун алып баруучулары улуу урматууу Жаныбек Жанызак мырзадан кечирим сурашат.

Блогду толтурууда Ж. Жанызак агай ачып, иштетип алып барган “Кыргыз гезиттер айылына” дайыма кайрылып турарыбыздан танбайбыз. Көп сандагы кыргыз тилдүү гезиттерибиздин өз сайттары болбогондуктан,  бул сайт бизге керектүү маалыматтарды издеп табуу үчүн жакшы маалымат булагы болуп саналат. Биз башка бирөөнүн эмгегин өзүбүздүкү кылып көрсөтүүдөн алыспыз, ошондуктан ар бир макаланын алдында, ал кайсы гезитте, канчанчы күндө жарыяланганын башынан бери көрсөтүп турдук. Бирок бул жерде биз Ж. Жанызак агайдын эмгегин эске албай калыптырбыз. Аны үчүн кечирим сурайбыз.

Мындан ары “Кыргыз гезиттер айылында” жайгашкан гезиттерден макалаларды алып калсак, гезиттин өзүн гана эмес, бул сайттын дарегин да жарыялап турмакчыбыз. Бул жерде белгилеп кетүүчү жагдай, аталган сайттын дарегин биз блогдун оң жагында жайгашкан “Кыргыз тилдүү сайттар” рубрикасына эчак эле киргизип койгон элек.

Биздин  “Кыргыз маданият борбору” блогубуз акча табуунун, же өз атыбызды чыгаруунун амалы эмес. Аны үчүн башка жолдор бар. Биздин негизги максатыбыз – бир маалымат булагынан кыргыз маданиятына байланыштуу бардык маалыматтар менен таанышып алууга мүмкүндүк түзүп берүү, ушуну менен кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу. Бул максатыбызды ишке ашырууда бардык тараптар менен кызматташууга жана ал кызматташтыктын бардык жолдорун ачык талкулоого даярбыз.

“Кыргыз маданият борборунун” алып баруучулары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.