Маданий өз алдынчалуулук – эгемендүүлүктүн башкы белгиси

Өлкө президенттеринин өз элине Кайрылуулары бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде аткарылып жаткан маанилүү иштер жана алдыңкы келечекке белгиленген чектер жөнүндөгү программалык билдирүү катары коомчулуктун зор кызыгуусун жараткан салттуу көрүнүшкө айланып калды.

Кыргызстандын Президенти К.Бакиевдин Жаңылануу Багыты мамлекет, коомчулук, ар бир жарандардын алдында аткарууну талап кылып турган бир программалык документ.

Президент Жаңылануу Багыты – Кыргыз мамлекетинин, улутунун маданий өз алдынчалуулугу жөнүндөгү маселеге да көңүл бурган. Дүйнөлүк глобализациялашуу, интеграция заманында бул дүйнөлөшүү процессинен мамлекетибиз өзүнүн прогрессивдүү өнүгүшү үчүн зарыл булактарды пайдалануу жана ага өзүнүн татыктуу салымын кошуу менен катар улуттун, мамлекеттин маданий өз алдынчалуулугун сактай билүүсү башка мамлекеттерге тең ата эгемендүү өз алдынча мамлекет катары жашап калуусу да шарт.

Президент тарабынан акыйкат белгиленген бул багыттагы иш-чаралардын жүзөгө ашышы үчүн интеллигенциянын – интеллектуал окумуштуулар, чыгармачылык чөйрө, билим берүү багытындагы кызматкерлер, мамлекеттик чиновниктердин активдүү, биримдиктүү ишмердиги өзгөчө талап кылынат.

Жаңылануу Багытындагы улуттук маданий өз алдынчалуулук тууралуу келечектүү иш биздин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун иш багытына да түздөн-түз тиешеси бар.

Улуттук маданий өз алдынчалуулук, аны сактоо, жайылтуу багытында төмөнкү маселелерге, иш-чараларга көңүл бурулуш керектиги жөнүндө сунуш-пикирибизди билдиремин:

I. Улуттук тилди өнүктүрүү багытында
а) Маданий өз алдынчалуулук, бул башкаларга окшобогон бир гана элге, улутка таандык маданий өзгөчөлүк. Мындай маданий өзгөчөлүк катары биринчи иретте тил эсептелет. Кыргыз тили сөздүк составы, грамматикалык түзүлүшү, үндүк айтылышы боюнча башка тилдерге окшобогон өзгөчөлүктүү көрүнүш. Кыргыз тили түрк тилдеринин ичинен эң байыркыларынан болуп эсептелет жана муну байыркы таш жазма эстеликтери да тастыктап турат. Кыргыз тилин бүгүн илимий-техникалык прогресстин, интернет, компьютерлештирүүнүн заманына ылайыкташтырып өнүктүрүү, сактоо үчүн, бир катар илимий-практикалык иштерди аткаруу милдеттери турат. Коомдук өнүгүүгө жараша тилибизге кирген жаңы түшүнүктөр, жаңы сөздөр менен толуктоо зарылдыгы жана мурда чыккан сөздүктөр бүгүнкү күндө библиографиялык таңсыктыкка айлангандыгын эске алуу менен бир нече мазмундук түрдөгү кыргыз тилинин сөздүктөрүн түзүү керек. Алар:

1. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”
2. “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү”
3. “Кыргыз тилинин этимологиялык сөздүгү”
4. “Кыргызча-орусча сөздүк” ж.б. сөздүктөрдү илимий негизде түзүү, китептик, электрондук варианттарын чыгаруу.

II. Искусство, искусствотаануу, этнографиялык мазмундагы илимий, практикалык иштер
1. Кыргыз элинин улуттук каада-салттары, үрп-адаттары жөнүндөгү изилдөөлөрдү бүгүн

а) фольклордук,
б) этнографиялык
в) тарыхый
планда илимий – популярдык мүнөздө жазуу жана аларды мезгилдүү басылмалар аркылуу калайык-калкка кеңири жайылтуу;

2. Улуттук кол өнөрчүлүк (саймачылык, ат жабдыктарын жасоо, жыгач буюмдары зергерчилик) боюнча түстүү сүрөттөрү, жасалыш ыкмаларынын кеңири түшүндүрмөсү менен альбомдорду чыгаруу,

3. Телекөрсөтүү, радиоберүүлөрдө кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, оюндарын, кол өнөрчүлүгүн чагылдырган көрсөтүүлөргө, берүүлөргө эфир программасынан атайын туруктуу убакыт бөлүү, жана ушул мазмундагы берүүлөрдү балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап даярдап көрсөтүп туруу.

4. Басма сөздө “Улуттук каада-салттарыбыз”, “Улуттук көркөм сөз мурастарынан”, “Улуттук оюндар”, “Элдик кол өнөрчүлүк” деген сыяктуу рубрикаларды жарыялап туруу.

5. Балдардын куурчак театрынын ишин жандандырыш керек жана анын негизги репертуарын кыргыз жомоктору, “Манас”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Эр Табылды” ж.б. баатырдык-патриоттук темадагы эпостордун негизинде даярдалган спектаклдер түзүш керек. Себеби, орус ж.б. элдердин жомокторунун негизинде тартылган илимий-фантастикалык сюжеттеги оюн-зоокторду балдар теледен жетиштүү эле дең-гээлде көрө алышат.

6. Кыргыздын каада- салты, үрп-адаты, (балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү-үлпөтү жана салты, өлгөн адамды узатуудагы керээз, кошоктор), алардын философиялык мааниси жөнүндөгү илимий-популярдык эмгектерди, элдик оозеки чыгармачылыктын жана профессионалдык адабияттын мыкты үлгүлөрүн конкурстук негизде тандап алып, орус, англис, түрк жана башка тилдерге атайын котортуп, басмадан чыгарып, кыргыз маданиятынын башка элге жайылышына, таанылышына мамлекеттик камкордуктар көрүлүшү керек.

III. Көркөм сөз мурасы, улуттук адабиятты өнүктүрүү багытында
а) Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда “кыргыз рухунун туу чокусу” болгон “Манас” эпосунун 80 ден ашык варианттары бар. Алардын ичинен терең мазмундуулугу, жогорку көркөмдүүлүгү жана көлөмү боюнча өзгөчөлөнгөнү, классикалык варианты болуп Сагымбай Орозбаковдуку менен Саякбай Каралаевдики эсептелет. Бүгүнкү күндө ушул уникалдуу маданияттын уникалдуу үлгүсү болгон эки вариант да өзүнүн түздөн-түз мураскери болгон кыргыз журтчулугуна, улуттун келечеги болчу жаштарга толук жетпей келет. С. Орозбаков менен С. Каралаевдин “Манасынын” толук академиялык басылмалары институттун илимий кызматкерлери тарабынан басмага даярдалып, алардын алгачкы бир нече томдору чыгып, бирок материалды-каражаттык колдоо болбогондуктан аягына чыгарылбай токтоп турат. “Манастын” ушул эки вариантын басмадан толук чыгарып, коомчулукка жеткирүү мамлекеттик маданий мурастар багытындагы номер биринчи иши болууга тийиш. Себеби, анда элибиздин нечен кылымдык дүйнөтаанымдык түшүнүктөрү – философиясы, этика, эстетикасы, тил байлыгы, каада-салты, үрп-адаты, тарыхы, кыскасы нечен кылымдык тарыхы жана акыл-эстик табылгасы камтылган. Албетте, мүмкүнчүлүккө жараша жогоруда белгиленген эки варианттан башкаларын чыгарууну да көңүлгө алып коюу керек.

б) Кыргыз атын, маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө ишине да ар дайым мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп туруусу зарыл. Себеби ал кыргыз маданиятындагы экинчи бийик чоку, улуттук сыймыгыбыз. Биз өзүбүздүн мекендештерибизди, мамлекеттин келечеги болгон жаштарды Айтматовдук дүйнөгө жакындатуу, тартуу, андагы нравалык-эстетикалык асылдыктарды философиялык тереңдиктерди өздөштүрүү менен биз жаштарды улуттук өрнөктүү маданиятка жакындатабыз. Ч. Айтматов өзүнүн чыгармаларында элдик оозеки чыгармачылыктын бай казынасынан кеңири пайдаланып, өзүнүн чыгармаларынын көркөм-философиялык маанисин арттырып, ошол эле убакта элдик мурастагы сырттан караган көзгө анча байкала бербеген тереңдигин, акылмандыгын окурмандарына ачып бере алган. Айтматовтаануу багытында аткарылуучу иштер:

а) “Айтматов энциклопедиясын” даярдоо, чыгаруу;
б) Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу орус жана чет тилдерде жарык көргөн илимий изилдөөлөрдү кыргыз тилине котортуп, жыйнак түзүп басмадан чыгаруу;
в) Жазуучунун туулган күнүнө карата жылына Айтматовдук окууларды өткөрүп туруу;
г) Классикага айланып калган төкмө ырчыларыбыздын, профессионал калемгерлерибиздин чыгармаларын массалык нускада жарыялоо көңүлдүн башкы маселелеринен болушу керек.

IV. Билим берүү багытындагы иштер
а) Улуттук маданий өз алдынчалыгын сактоо, өркүндөтүү иштери билим берүү багытында бала бакчадан жана башталгыч класстардан эле башталышы керек. Балдарга эстетикалык тарбия берүүгө багытталган сүрөт, музыка, кол эмгеги сабактарында негизги басым улуттук башаттарга бурулуп, (маселен сүрөт сабагында улуттук кийимдер, кол өнөрчүлүгүнө, “Манас” эпосундагы, элдик жомоктогу каармандарга байланыштуу сүрөттөрдү тарттырып) жаш жеткинчектер кичинесинен улуттук маданиятка жакын болуп өсүшүнө кам көрүлүш керек.

б) Адис-методист педагогдор тарабынан Кыргызстандын тарыхы, адеп сабактарында балдарды патриоттуулукка, ата-бабалардын мурастарын урматтоого тарбиялоо максатында кыргыз тарыхы жөнүндөгү санжыралуу көркөм окуялар, сыймыктуу тарыхый инсандары жөнүндөгү тарыхый дастандар, тарыхый кошоктор, элдик оозеки чыгармачылыктын нускалуу үлгүлөрү көбүрөөк пайдаланылып, балдарга жеткиликтүү, кызыктуу тилде окуу китептери жазылып алар конкурстук негизде тандалып, мамлекет тарабынан каржыланып чыгарылыш керек.

в) Кыргыздык улуттук маданий өз алдынчалуулугуна байланыштуу темада – элдик каада-салт, оозеки чыгармачылык мурас, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк искусствосу тууралуу орто мектептердин райондук, областтык, республикалык масштабдагы олимпиадалык конкурстары өткөрүлүп туруусу зарыл.

г) Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде тереңдетип үйрөнүү, окуучулардын ага карата жеке чыгармачылык көз караштарын калыптандыруу максатында окуучулардын дил баяндарынын райондук, областтык, шаардык конкурстарын өткөрүү, мыкты дил баяндардын үлгүлөрүн “Кутбилим” газетасына жарыялоо.

Маданий өз алдынчалуулук – бул дүйнөлүк ааламдаштыруу процессинен өзүн бөлүү, чектөө дегендик эмес. Улут өзүнүн улуттук жүзүн сактоо менен өз өнүгүшүн улуттук тамырынан ажыратпай бүгүнкү илим, билим, маалыматтар технологиясы дооруна заманбап өнүгүүсүн ырааттуу камсыз кылуусу зарыл.

Абдылдажан Акматалиев, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.