Москвада Ю. Шыгаевдин “Көчмөндөр” деген жеке көргөзмөсү өтөт

Москвадагы сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө 22-апрелде Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин биринчи “Көчмөндөр” жеке көргөзмөсү ачылат. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигинин журналистине сүрөтчүнүн өзү, Кыргыз улуттук искусство музейинин деректири Ю.Шыгаев билдирди.

“Анда мен 2007-2008-жылдарда тарткан 50гө жакын картина көрсөтүлөт. Алар “Манас” эпосуна, Ысык-Көлгө, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго, дүйнө элдеринин болмуштарына арналган”- деп айтты Ю.Шыгаев. Көргөзмө 4-майга чейин созулат.

Ж.Купешова, МТ, «Кабар» МА, 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.