Жалал-Абад облусунун аймагында «Бешик» фильми тартылып бүттү

Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылынын Кайнар-Булак участкасында журналист «Ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевдин «Бешик» аңгемесинин негизинде, аталыштагы фильм тартылап бүттү. Бул тууралуу Филимдин режиссеру Бакыт Карагулов билдирди. Б.Карагуловдун айтымында фильм бир жыл мурда башталып мындан сырткары Токтогул районундагы Чычкан өрөөнүндө, Балыкчыда жана Бишкекете тартылган. Фильмге Жусупбек Бакиев атындагы фонд демөөрчүлүк кылып, 2 млн сом каражат берген.

Фильмде башкы ролду актер Рысбек Жумабаев аткарууда. Көркөм образдарды жаратууда Кыргыз Республикасынын эл артисттери Акылбек Абдыкалыков, Мукамбет Токтобаев жана бир топ жаш актерлер катышкан. Б.Карагулов фильмдин бет ачары май айында белгиленип жатканын билдирди.

А.Алимова, «Кабар» МА, 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.