Жаш киночулардын I улуттук кинофестивалы өтөт

Апрель айынын 22синен тарта Кыргызстанда биринчи жолу жаш киночулардын «Үмүт» улуттук кинофестивалы өтөт. Анда кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалардын конкурсу болуп, фестиваль төрт күнгө созулмакчы.

Мындай маалыматты Кыргыз кино департаментинин жетекчиси Абибилла Пазылов билдирди. Тасмаларды тандоо 2-апрелден тарта башталып, комиссиянын курамына белгилүү оператор, актёр, режиссёр, кино таануучулар жана чет өлкөлөрдөн адистер кирип, Болот Алимбаев төрагалык кылат.

Конкурска 40 жашка чейинки кино режиссёрлор катышып, ал эми толук метраждуу тасмалары бар режиссёрлордун фильмдери конкурстан сырткары каралат. А.Пазыловдун айтуусунда учурда комиссиянын колуна 50дөн ашуун тасмалар келип түшкөн. Мунун ичинен тандалган 20-30 кино конкурска деп көрсөтүлөт.

Тасма тандоодогу башкы критерийлер кино режиссёрдун дүйнө таануусу, көркөм-эстетикалык деңгээли ал эми фестивалдын жеңүүчүсүнө, т.а. гран-приге «Кыргызфильм» аркылуу толук метраждуу көркөм фильм тартууга 3 млн. сомдун тегерегинде акча бөлүнүп берилип, техникалык жардам көрсөтүлөт. Калган жеңүүчүлөргө да атайын сыйлыктар каралган. Мындан сырткары Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев сыяктуу белгилүү кинорежиссёрлордун алгачкы тарткан фильмдери көрсөтүлмөкчү.

ЭЛИЗА ИРАНОВА, «Zaman-Кыргызстан», 03.04.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.