Асанбектин Сарманы, айтылбай кетти арманы…

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, профессор, адабиятчы, сынчы, искусство таануучу Сарман Асанбеков 30-мартта кайтыш болду. Маркум менен коштошуу 2-апрелде Кыргыз драма театрында өттү. Коштошуу митингисин Маданият жана маалымат министри Султан Раев алып барды.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан ЖАКИЕВ:
“Биз аны Сашка дечүбүз”
– Университте чогуу окугандан баштап көзү өткөнгө чейин үзөнгүлөш жүргөн досторунун биримин. Сарман студент кезинде эле илимге, билимге берилген дилгир бала болду. Адабий кружогу бар эле. Баарына активдүү катышчу. Ыр жазчу. Эгер Сарман сынчылык жакка ооп кетпегенде мыкты акын болмок. Сармандын умтулган өнөрү театр, сүрөт өнөрүн изилдөө болду. Алар жөнүндө макалаларды, китептерди жазды.

Уулдуу болгондо абдан сүйүнүп, атын Абийир деп койгонбуз. Абийирдин колунан көп нерсе келээр учурда машинадан авария болуп, каза болуп калган. Ошондо Сарман мүнкүрөй түшкөн. Кайраттуу экен, кайра калем сабын кармап көп нерсе жазды. Мына эми Сарман- уулу Абийирге кетип жатат. Көптөгөн мыкты инсандардын жанына кетип баратат. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Сашка.
Биз эркелетип Сашка дээр элек. Кош, Сашка!

Кыргыз эл сүрөтчүсү Абдырай ОСМОНОВ:
“Сарман Асанбекович жөнүндө сөз токтобойт…”
– Сарман Асанбекович кыргыз сүрөтчүлөр арасында мыкты сынчы болуп эсептелчү. Театр, сүрөт, кино жагынан да таланттуу эле. Элибиз, жерибиз, Мекенибиз үчүн кылган эмгеги чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Ал жөнүндө сөздү ушу менен эле токтотпойбуз, дагы бир топ сөз болот, китепке жазылат деп ойлойм. Анткени артында өзүн, сөзүн, эмгегин эскерчү урпактары бар.

КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов:
“Биринчи агайым эле”
– Сарман агай менен кандай жагдайда таанышкандыгым азыр да эсимде. 1966-жылы, сентябрь айында театралдык окуу жайына кабыл алуу жарыяланып калды. Ал кезде мен Алайда иштеп жаткам. Окуу жайга тапшырайын деп Ошко келсем, кечигип калыпмын. “Фрунзеден келген комиссия аэропортко кетти” дешти. Театрды эңсеген жаным самолетко билет алдым. Самолетко түшсөм, өңү тааныш үч адам сүйлөшүп отуруптур. Болду- болбоду комиссия ушул адамдар болуш керек деп ордуман туруп, аларга жакындап барып: “Фрунзеден келген комиссия сиздерби? Мен Алайдан келсем, комиссия Фрунзеге кетти” дешкендеринен сиздерди кууп, самолетко билет алдым” дедим. Сарман агай: “Самолет менен дагы кууйт бекен? Сен сөзсүз артист болосуң. Сен өттүң” деп блокнотуна плюс деп койду. Эч нерсе сурабай туруп, окууга өткөргөн кандай гана сонун адам деп бир чети таң калсам, бир чети сүйүндүм. Келечектеги кесибиме жол салган биринчи агайым десем жанылбайм. Сарман агай мага атадай, агадай адам эле. Адамгерчилик жагынан да, кылган иштери менен да дайыма биздин жүрөктө сакталат. Кош агай!

Талас Райкеңешинин төрагасы Бөкөн Айдаралиев:
” Таласта драмтеатрдын ачылышына эмгеги зор”
– Талас областында драмтеатр жок эле. Драмтеатрдын ачылышына Сарман Асанбековичтин эмгеги зор болду. Эмгегин баалап, өткөн жылы “Таластын чыгаан атуулу” деген наам ыйгарылган. Кыргызстанда мыкты искусство таануучу адамыбыздан ажырап, коштошууга кол барбай турат.

Жубайы Ольга Дүйшекеева: “Боорукер, мээримдүү, жумшак адам эле”
– Кетээр күнү кыйналды. Саат сегизде тез жардам чакырдык. Тилекке каршы, алар келгенче үзүлүп кетти. 30-март, саат 9.30 болчу… Өткөн жылдын 18-декабрынан баштап оорусу башталып, марттын башында төшөккө жатып калган. 4 жыл мурун бөйрөгүнөн операция болуп, бир бөйрөгүн алдырган. Ошол жылы 70 жылдыгы болмок. Өзү ооруп жатса белгилебейбиз го деген ойдо жүрсөк, “Арал ынтымагы” коомдук бирикмесинин ошондогу төрагасы Таштан Мамбеталиев баш болгон белгилүү адамдар келип, өткөрөбүз деп демилге көтөрүшкөнүнөн улам торколуу тою өткөрүлүп калган. Ошондо кубанганын айтпа. Деги бир кабак-кашын бүркөбөгөн жаркылдаган адам болчу. Дайыма күлүп жүрөөр эле. Өтөөр өткөнчө бир кишиге жаман айтып, көңүлүн калтырган жок. Абдан жумшак, боорукер киши эле. Оорусу менен кошо муң-кайгы да жүрдү. Уулубузду жоготтук, үч бир тууган иниси катар менен өтүп кетти… Бир уул, эки кыз, төрт неберелүү болдук. Артыңда атасын эскерчү урпактары ушулар. Жазуучулук жагын Гүлмира кызыбыз тартты. “Я с тобой” деген ырды жазган. Ага Адил Чекилов обон жазып, ырдап жүрөт.
Китепти көп окуп, өзүнүн билимин жогорулатты. Китептерди столдун үстүнө жайып алып окуур эле. Таң калып суроо берсек, “Мен Ленинче окуйм” деп койчу. Өмүрүнүн акырына чейин китеп менен алпурушту. “Бар байлыгым- китеп” дечү. Үйдө бир бөлмө китеби болсо, искусство институтунун бир бөлмөсүндө мастерскою бар. Үйдө 2-3 гана сүрөтү бар, калганы ошол жакта. Жазган китептери да көп. Жарык көрө элек кол жазмасы мындан көп. Демөөрчү чыкса жарык көрүп калаар. Коомдо орду бар, элдик киши экен “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Жакшы көргөн адамдары Бакен Кыдыкеева менен Сүймөнкул Чокморовдун катарына барып жатып калды. Эми эмне дейм, адамгерчилигин сыйлап, эмгегин эстеп, Кыргыз драма театрындагы коштошууда көңүл айткан элиме үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Жаткан жери эңкейиш, жараткан берсин кең бейиш!

Бир тууган иниси Майрамбек Жумабаев:
“Той-топур байкебизсиз башталчу эмес…”
– Байкем десем, фамилияңар башка деп таңкалышат. Биз чоң аталарыбыздын атына жазылып калганбыз. Бир туугандардан байкебизден башка эч ким калем кармап, ыр жазбаптырбыз. Бирок, неберелеринен анын жолун жолдоду. Кызым Айдай ыр жазат. “Сарман атама” аттуу ыр жазган. Аны бардык туугандар окуп, “атабыздын учугун улаган урпактары бар экен” деп Айдайды алкап, кубанышкан. Жээндерибизден Анара да ыр жазат.

Эл сыймыктанган байкебиз ыр менен гана чектелбестен көп кырдуу таланттын ээси болчу. Сүрөттү жакшы тартчу, жакшы ырдачу. Туугандар арасындагы той-топур байкебизсиз өтчү эмес. Комуз чертип, ырдап, тойду ачып берчү. Үнү да бийик, бир шумдук эле. Ырды да жакшы жазчу эле. Жеңеме арнаган ырын Эрмек Мойдунов ырдап жүрбөйбү. Айтор, бир боорум, турмушка бир из калтырып кете берди…

«Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.