“Аста-секин колукту” кайрадан сахнада

"Азаттыктын" сүрөтү
"Азаттыктын" сүрөтү

Бишкекте композитор Насыр Давлесовтун 80 жылдык мааракесине карата, маестронун “Аста-секин колукту” операcы алгач ирет эстрадалык-музыкалык комедия жанрында көрсөтүлдү.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдары элге кеңири таанымал болгон опера бул жолу жөнөкөйлөштүрүлүп, белгилүү ырчы куудулдардын аткаруусунда тартууланды.

– Өлүгүңдү көрөйүн! Өтүгүмдү киейин!
– Токто! Колго! Азабыңды берейин! – деп каарданган кемпирдин ролун жараткан, соңку кыргыз музыкасында “вокал ханышасы” атыккан ырчы Жамиля Муратова бул оюнда Барсана кайын эненин образын жаратуу кыйынга турганын белгиледи:

– Алгач бул образ кыйындай көрүнгөн. Анткени мен кемпирдин жашына жете элекмин да. Балким даярданып жаткандырмын. Эмне үчүн дегенде менин каарманым Барсана кайын энеде да жалгыз уулу бар экен. Менин жеке турмушумда болуп жаткан ишпи деп сезем, анткени менин да бир уулум бар, буюрса ал дагы бир күнү үйлөнөм дейт. Бул мен үчүн тажрыйба болсо керек.

Жамиля Муратовадан сырткары бул мюзклге атагы чыккан Кыргызстандын бир топ ырчы, куудулдары да тартылган. Мисалы Жаныбек Алыкулов, Алина Жетигенова, Мерген Турган, Гүлзат Байзакова жана башкалар.

“Аста-секин колукту” эстрадалык комедиясынын музыкалык жетекчиси Каракул Тиленчиевдин айтымында, көптөн бери унутта калган Насыр Давлесовдун бул чыгармасы кайра азыргы учурга ылайыкташтырылып, бирок жөнөкөй тил менен, эстрада жанрында даярдалды. Бирок негизги темасы түп нускадагыдай эле муундар маселеси бойдон калууда.

Оюнду койгон режиссер Аманбек Жапаров

– Азыркы мезгилге да бул актуалдуу чыгарма. Сүйүү темасы да камтылды. Бул кылымдан кылымга эскирбей кайталана бере турган тирешүү. Негизи эски муун менен жаңы чоңоюп чыккан жаштардын ортосундагы келишпестик бяндалат. Тээ 60-жылдары деле, учурда деле ушундай көз караш бар, болуп келет. Эртеңкиден бүгүнкү жаңы дегендей, бул тамашада ата менен баланын, эне менен кыздын ой тиреши, деги муун маселеси кеңири чагылдырылды.

Музыкалык комедияга тартылган эстрада ырчыларга да, опералык солисттерге да, бул репродуктунун драмалык чеберчилик жагы чоң сыноо болду. Анткени көпчүлүк катышуучулар өзүн актердук артист жагынан алгач ирет сынактан өткөрүп жатышат.

– Мен үчүн кызык болду. Буга чейин эч кандай ролдорду ойноп көргөн эмесмин. Кинодо да, спектаклдерде да. Ошон үчүн мага кызык болду. Менде кандай актердук мүмкүнчүлүгүм, дараметим бар сынап көрөйүн дедим,– дейт ырчы жана вокал мугалими Жамиля Муратова.

Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, композитор Насыр Давлесовдун “Аста-секин колукту” музыкалык комедиясы маэстронун 80 жылдык мааракесине карата бир сыдыра Бишкекте коюлду. Оюнду койгон режиссер Аманбек Жапаровдун пикиринде, элдик классикалык чыгармалардан дагы музыкалык спектаклдерди жаратуу улантылаары күтүлүүдө.

Аманбек Жапаров убагында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунун режиссура бөлүмүн аяктап, Санкт-Петербург (Ленинград) шаарында Черкасов атындагы театр, музыка жана кино институтунда билимин уланткан. Учурда драматург, режиссерлуктан сырткары “Азаттык” радиосунда кабарчы болуп да эмгектенип келет.

«Аста секин колукту» комедиясынан үзүмдү бул жерден көрсо болот

Сабыр Абдумомунов, “Азаттык” радиосу, 08.04.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.