“Азур” басмасы балдар үчүн кыргызча китептерди чыгарды

Бишкекте ачылган “Азур” басмасынан кыргыз тилинде 100 аталыштагы балдар китептери басылып чыкты. Жакында балдар үчүн китептердин сериялары жарык көрөт. Аталган басмакана Франциянын, Англиянын басмаканаларынын үлгүсүндө балдар үчүн түстүү китептерди чыгармакчы.

“Азур” балдар басмасынан жакын арада жарыкка чыкмакчы болуп турган сегиз китептен турган балдар үчүн хрестоматияларга кыргыз эл жомоктору, фольклордук чыгармалар жана кыргыз акын-жазуучуларынын балдарга арналган чыгармалары кирген. Алардын арасында жаш жазуучу Батма Абдухамидованын да балдар үчүн аңгемелери бар:

1-4-класстар үчүн түзүлгөн класстан тышкаркы окуу үчүн хрестом атияларга менин балдарда эмгекчилдик, убадага бек туруу, боорукерлик сапаттарын алкоого алган чыгармаларым кирди.

Ал эми 8 китептен турган кенже балдар үчүн бул хрестоматиялардын түзүлүшү тууралу Батма Абдухамидова буларды кошумчалады:

Бул кезге чейин 1-4-класстар үчүн класстан тышкаркы окуу китеби, ал турсун программасы да жок болуп келген. Биз алгач окуу программасын түзүүгө аракет кылдык. “Ата мекен”, “Эне тил”, “Бабалардан калган сөз”, “Эмгек”, “Табият”, “Адеп-ахлак” темаларын түзүп, ошол жанрлардагы чыгармаларды кийирдик.

“Азур” басмасынан жакын арада чыкканы жаткан аталган окуулуктар тил үйрөнүүгө ыңгайлуу түзүлүп, өзгөчө түстүүлүгү менен айырмаланат. Балдар жазуучусу, Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили бөлүмүнун жетекчиси Сулайман Рыспаевдин айтымында Кыргызстанда “Азур” балдар басмасы ачылганга чейин чыккан балдар китептери өзгөчө боектордон өксүп келди:

Мындай хрестоматия биздин окуу программалар да жок эле. Мазмундук түзүлүшүндө да улуттук дөөлөттөргө басым жасалып, айрыкча түстүү боектор менен сүрөттүү болуп жасалгаланды. Бул болсо жаш балдардын окууга кызыгуусун ойготот, табитин ачат.

“Азур” балдар басмасы үч багытта балдар китептерин басып чыгарууга адистешкен. Басмадан кенже балдар үчүн көркөм китептер, мектеп окулуктары жана котормолор чыгат.

“Азур” басмасынын директору Ольга Прядко Каныбекова кечээ жакында Италиянын китеп басмаларында болуп кайтты. Ал “Азаттыкка” батыштын китеп басмаларынын үлгүсүн өздөрүнүн китеп басып чыгаруу технологияларына пайдалануу аракеттери акырындан ишке аша баштаганын белгиледи:

Дайыма окурмандар Кыргызстанда балдар китептери жок, анча-мынча болсо да начар дешип, айрыкча түссүздүгүн белгилеп келишкен. Мына биз буга чейин тез аранын ичинде балдарга арналган кыргыз тилиндеги түстүү 100 китепти басып чыгардык. Алдыда биз айрыкча Франциянын, Англиянын басмалары менен тыгыз байланышта болмокчубуз. Ошондой эле жаңы көркөм долбоорду ишке ашырсакпы деп турабыз. Бул долбоор аркылуу биз түстүү боектор менен жакын арада айрыкча кыргыз тилинде жомокторду, балдар үчүн фольклордук чыгармаларды, жаңы авторлордун чыгармаларын жана өзгөчө совет учурунда кандайдыр себептерден чыкпай келген балдар чыгармаларын басып чыгарабыз.

Фатима Абдалова, “Азаттык” радиосу, 07.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.