“Калемгерлер” сынак жарыялашты

10-апрель күнү “Калемгер” адабий клубунун мүчөлөрү менен Ишенаалы Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин студенттеринин жолугушуусу өтөт. Жолугушуу кечесинин максаты клубдагы чыгармачыл жаштарды тааныштыруу жана студенттердин арасынан таланттууларды издөө. Ушул эле жолугушуу 17-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде болот. Аталган университеттин чыгармачыл жаштарынын арасында эң жакшы аңгеме, пьеса жана проза боюнча сынактар жарыяланган. Жеңүүчүлөргө адабий клубдун атынан кызыктыруучу акчалай байгелери бар. Айта кетсек, “Калемгердин” мүчөлөрү Мирлан Самыйкожонун “Жүрөккө түшкөн чагылган”, Алтынбек Исмаиловдун “Таш күзгү”, Жазгүл Жамангулованын “Доор ыйлайт” аттуу ыр китептери чоң кызыгуу менен окулуп келет.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.