«KGнын» домендик аталышын тескөө Мампатентке өткөрүлүп берилет

Мамлекеттик патент кызматы бүгүн Президент Курманбек Бакиев 7-апрелде жарлыкка кол койгондугун, ага ылайык «KGнын» домендик аталышын тескөөнү жүргүзүүчү орган Кыргызстандын мамлекеттик патент кызматы боло тургандыгын билдирди. Бул «улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу максатында» жана «өлкөнүн кодун билдире турган «КGнын» жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп эсептеле тургандыгын эске алуу менен» жасалды.

Жарлыкка ылайык, өкмөткө бир айлык мөөнөттө тескөөнү өткөрүп берүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоо, ошондой эле Жарлыктан келип чыга турган ченемдик укук актыларынын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү тапшырылды. Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу президенттин администрациясына жүктөлдү.

ЖТ, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.