Кыргызстанда салт болгон музыка жумалыгы өтөт

25-апрелден 29-апрелге чейин Кыргызстанда салт болгон музыка жумалыгы өтөт. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигине Маданият министрлигинин басма сөз кызматында билдиришти. Жумалыктын чектеринде 25-апрелде Бишкекте “21-кылымда салт болгон музыканын абалы жана өнүгүшүнүн келечектери” деген эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт, анда музыкалык окуу жайларда салт болгон музыканы окутуу, музыкалык иштин маданий-тарыхый жана философиялык аспектерин, элдин маданиятында анын ролун талкуулашат.

Мындан тышкары аспаптар жана элдик профессионалдык искусство, жамакчылардын искусствосу боюнча салт болгон музыка концерттери уюштурулат. Министрликтин басма сөз кызматында билдиришкендей бул чаралар өлкөнүн бардык аймактарында 25-апрелден тартып жыл сайын өткөрүлмөкчү.

А. Бенгард, ЖТ, «Кабар» МА, 08.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.