Наргиса Карасартова: “Кыргызстандын балдарына кубаныч тартуулагым келди”

Чыңгыз Айтматов атындагы фонд уюштурган “Дебют-2007” жаш адабиятчылар мектебинин катышуучусу. Үчүнчү апрель күнү Бишкек шаарыбыздагы Айтматов атындагы китепканада жаш калемгер эже-сиңдилер Лейла жана Наргиса Карасартовалардын “Кардагы бриллиант”, “Кичинекей кыялкечтерге” аттуу ыр китептеринин бет ачаары болуп өттү. Акындар балдар адабиятына аз кайрылып калышты, бала бакча, мектептеги кичинекейлер үчүн жан дүйнөлөрүн байытып, акыл ой – сезимин өстүргөнгө жардамы чоң ырлар көп болсо жакшы болмок деген көйгөйдүн чечилишине аз да болсо көмөк көрсөткөндөрү көңүл кубантаарлык иш. Балдардын баёо мүнөз кыял – жоруктарын, бал ширин сөздөрүн ырга салган жаш акын кыздарыбыздын калемдеринин сыясы кургабасын деп гезиттин атынан куттуктап, Наргиса Карасартованы сөзгө тарттык.

– Рахмат. Биз абдан кубанып, толкунданып жетине албай турабыз. Анткени, бул китептин бет ачаары биздин биринчи кечебиз. Алгач “Кардагы бриллиант” чыккан. Жакында эле “Кичинекей кыялкечтерге” жарык көрдү. Өзүм бала күнүмөн Тоголок Молдо менен Алыкулдун ырларынан таасир алып чоңойдум. “Эмне үчүн ырларың балдар үчүн?” деген суроолорду берип жатышат. Биринчиден Лейла экөөбүздүн тең Алибек жана Адэм деген уулдарыбыз бар. Бала бакыт да! Өзүбүздүкүнө кошуп жалпы Кыргызстандын балдарына ырларыбыз менен кубаныч, күлкү тартуулагыбыз келди. Экинчиден, балдар үчүн китептер өтө эле аз санда экенин өзүм көрүп-билип жүргөндүктөн чыгармачылыгымда балдар адабиятына басым жасадым окшойт. Китептерибиз жарыкка чыгаары менен №13, №75, №30 ж.б. мектептерге, китепканаларга белекке берип жатабыз. Акырында айтаарым, китептин бет ачаарын өткөзүп берип жаткан Айтматов атындагы китепкананын жалпы жамаатына чоң ыраазычылык билдиребиз.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.