Президенттин көмөгү менен КР эл артисти Ж.Сейдакматовага эки бөлмөлүү квартира бөлүндү

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КР Эл артисти, «Туңгуч» театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматованы кабыл алды.

Ж.Сейдакматова мамлекет башчысынын дарегине кат жазып, анда турак-жайы жоктугуна байланыштуу үй алууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы Ж.Сейдакматовага муниципалдык жаңы үйдөн эки бөлмөлүү квартира берүү туурасында чечим кабыл алынгандыгын айтты. «Сиз кыргыз искусствосу менен маданиятынын көрунүктүү ишмерисиз. Элибиз сиздин талантыңызды, чыгармачылыгыңызды жогору баалайт. Чынын айтсам, сиздей таанымал, маданият менен искусство жаатына чоң эмгек сиңирген адамдын үйү жоктугуна таң калдым. Жакын арада сизге квартира алууга укук бере турган атайын сертификат тапшырылат. Тилекке каршы, үйгө муктаж болгондордун бардыгына үй берүүгө азырынча чамабыз чак. Бирок, мамлекет мындан ары да бул багытта зарыл болгон бардык иш-аракеттерди жасай бермекчи»-деди К.Бакиев.

Ж.Сейдакматова Президенттин убакыт бөлүп кабыл алганына жана өтүнүчүн орундатканына ыраазычылык билдирди. «Акыркы мезгилде мамлекет маданият менен искусствого көбүрөөк көңүл бура баштагандыгы айкын. Ошондой эле бизди социалдык жактан коргоо жаатында да бир топ иштер жасалууда. Бюджеттик чөйрөдө иштегендерге, майыптарга, мугалимдерге, медиктерге атайын муниципалдык үйлөр курулуп жатат. Менимче, бул -турмушубуздун оңолуп бара жаткандыгынын бир көрсөткүчү. Сизге ыракмат! Мен бул көмөгүңүзгө чексиз ыраазымын!»-деди Ж.Сейдакматова.

«Кабар» МА, 08.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.