Тил мыйзамын аткарбаган чиновниктер жоопкерчиликке тартылат

Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгын белгилөөгө карата Жалал-Абад шаарындагы мекеме ишканаларда иш кагаздардары толук мамлекеттик тилде жүргүзүлбөй жаткандыгын эске алып, шаардын мэриясынын атайын токтому менен 2009-жылдын 1-майынан баштап толук мамлекеттик тилде жүргүзүлө тургандыгын шаардык тил коммиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева билдирди.

Токтомдо шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча коммиссиясы шаардык мекеме, уюмдарынынын, көчөлөрдө, көрүнүктүү жерлерде илинген көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө практикалык жардам көрсөтүү милдеттендирилген.

А.Асаналиеванын айтымында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышына айрым жергиликтүү бийлик ээлери жоопкерчиликсиз менен мамиле жасап жаткандыгын айтып, 2009-жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад шаардык мэриясынын кезектеги коллегиясында тил маселеси карала тургандыгын жана анда мыйзамды аткарбаган жетекчилер жоопкерчиликке чакырыларын маалымдады.

А. Алимова, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.