Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору аттестациядан өттү

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун педагогикалык курамы аттестациядан өттү. Бул жөнүндө “КАБАР” агенттигине борбордун деректири Сабира Челпакова билдирди. “Кимдер бирөө квалификациясын жогорулаткан, кээ бири жогорулаткан эмес бирок педагогикалык бүткүл курам аттестациядан өттү”, – деп белгиледи деректир.

Комиссиянын курамында билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин өкүлү Айбек Давлетбаев, республиканын эмгек сиңирген мугалими Галина Турчанинова, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Вероника Балтиева жана Салтанат Мамбетова, ошондой эле “Сейтек” борборунун администрациясы болду.

А. Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.