Болотбек ТУРАТБЕКОВ: “Көкбетти” көкбеттик менен тарттык”

Акыркы мезгилде кыргыз искусствосун, маданиятын өркүндөтүүгө салымын кошуп, мамлекеттен акча сурабай, базар экономикасына ылайык өз каражаты менен жарыкка чыккан фильмдердин саны өсүүдө. Жаңы жарык көргөн тасмалар тууралуу коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылса да, кино тармагы токтоп калбай, процесс жүрүп атканы кубандырбай койбойт. Жакында жарыкка чыга турган “Көкбет” тасмасынын да бет ачары күтүлүүдө. Фильмди тартуу идеясын жараткан артист, продюсер Болотбек ТУРАТБЕКОВду кепке тарттык.

– Мурда фильм тарткан эмесмин. Өзүм союз убагында Ташкенттеги театралдык институтту аяктап, Ош театрында актер болуп иштегем. Убагында чоң ролдорду жараттым. 1992-жылы союз тараганда театрга эл келбей, курсакты тойгузуштун эле амалын кылышты. Драматургия жакшы жазылбай, мыкты режиссерлор калбай калды. Ошондон улам театрды таштап, коммерцияга өтүп кеттим. Акыркы мезгилде кимдин мүмкүнчүлүгү, каражаты болсо ошол кино тарта баштады. Мен да ошол агымга кошулуп, илгертен киного тартылсам, фильм тартсам деп самап жүргөн мүдөлөрүмдү аткарууга кириштим. Анүстүнө союз тарагандан кийин кино жаатында 10-15 жылдай тыныгуу болуп калды. Акыркы жылдары өкмөт да киного, искусствого анча-мынча каражат бөлүп, жылына эки-үч мамлекеттик бюджет менен фильмдер тартыла баштады. Андан тышкары таланттуу, киного күйгөн, фильм тартайын деген ой-максаты бар адамдар өздөрүнүн тасмаларын жаратып атат.

Акыркы кезде тартылган фильмдер боюнча тааныштыгыңыз барбы, аларга кандай сын бераласыз?
Азыркы фильмимди тартуу үчүн кыргыздардын акыркы мезгилде жарык көргөн тасмаларынын баарын атайын көрүп чыктым. Эми жаңы чыккан тасмалар жөнүндө жаман айткым келбейт. Ар бир адамдын жараткан чыгармасы өзүнө жагат. “Министрдин кызынын махабатын” да көрдүм. Рустам Аташев телевидениеде монтажда иштеген экен. Анын аракети жакшы. Профессионал болбосо да кинону жаратуунун жөнөкөй ыкмасын тапкан. Ал мен үчүн үлгү болду. Эч нерсени билбеген балдар тартып атса, өзүм сахнада иштеген профессионал артист болсом, атайын окусам, ушулардай тарталбаймынбы деп ойлодум. Жалаң ырчылар тартылган “Кайып булак” фильмин да көрдүм. Фильмдеги кичинекей роль ойногон ырчыларды актер деп атап калышты. Актер болуш үчүн мен жети жыл окудум. Ал эми ырчылар бир эле эпизодго тартылып алып, мен актермун дегендин өзү калпыс нерсе. Актер болуш үчүн окуш керек. Анын секреттери көп. Акыркы кезде тартылган фильмдерди укмуш деп айталбайм. Бирок, менин азыркы тарткан тасмам деле ошолордун катарына кирип кетет. Биз шашылыш, кыска мөөнөттө тарттык. Себеби, фильмге тез киришип, мага процесс керек эле. Планда жакшы долбоор бар. Жакында Маданият жана маалымат министри Султан Раев да бир чыгармасын тартууга сунуштап атат.

Жаңы фильмдин кыскача сюжети кандай?
Бул фильмди тартарда бир жылга жакын ар кандай аңгемелерди окуп чыктым. Чындыгында бизде жакшы жазган сценарист деле жок экен. Чыгармаларды издеп жүрүп колума “Башат” аттуу аңгемелер жыйнагы тийди. Китептеги Бактыкан Ажымаматованын “Көкбет” деген аңгемеси жакты. Бул чыгармага айылдагы карапайым элдин арасында болгон окуя камтылган. Чыгармадагы баланын аты Көкбет. Чыныгы аты Кубаныч, бирок анын кежирлиги, көктүгү, айтканынан кайтпаганынан улам Көкбет атка конгон. Ата-энеси айылдагы эле жөнөкөй үйбүлө. Аялы бир аз тилдүүрөөк болот, ошонун азабынан күйөөсү башка аялга кетип калат. Бирок, баласын сагынып, жолугуу үчүн келсе, аялы сүйлөнүп тилдей берет. Ушинтип урушуп, тажаалданып атып күйөөсүн өлгөнгө жеткирет. Жашоодо ушул сыяктуу окуялар болуп эле атат. Аялынын жемесине, урушуна чыдабай асынып өлгөн фактыларды кездештиргем. А күйөөсүнүн запкысынан асынып өлгөн бир да аялды уккан эмесмин.

Сиз бир тараптуу айтып аткан жоксузбу. Анткени, аялзаты сабырдуу болуп, канчалык депрессияга чалдыгып, стресс болгон күндө да боор этинен жаралган балдарын кыялбай…
Ошондой да болушу мүмкүн. Анын экинчи тарабы да бар. Балким, чын эле аялдар эркектерге караганда баласын, жакындарын ойлойт. Негизи, көп учурда фактыга таянасың да. Бирөө аялына өчөшүп асынып өлсө, экинчиси да асынып өлгөн…

Ошол асынып өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялына өчөшүп эле өлгөндөр деп ойлойсузбу?
Балким алардын башка да себептери бардыр. Кудай сактасын, мисалы мен аялга өчөшүп асынып өлбөйт элем. Эми ар кимдин табияты, ички дүйнөсү ар башка да. Бирөөсү жумшак болсо, кээси бекем болот. Мындай кырдаалда жарга такалгандай эле туңгуюкка кабылып калышы мүмкүн. Ошондо эң акыркы чыгып кетчү жол асынып өлүү болуп калышы мүмкүн. Фильмге жөнөкөй, карапайым калкка жете турган айылдык турмушту алдым. Негизи, азыркы тартып аткан режиссерлордун көпчүлүгү фестивалга ылайыкташтырып тартышат. Биздин эл көрсүн деген деле ойлору бардыр. Бирок, ошол тартылган фильмдерди татаалдаштырып, эч ким түшүнбөй турган философиялык маанисин берүүгө аракеттенишет. Ошол эле учурда философиялык маанисин аягына чейин ачалбай орто жолдо калган фильмдер да бар.

Фильмди кайсы студияда тарттыңыз?
Жакында “Каракөз” студия-продакшн деген менчик-студия ачтым. Ушул студияны акырындык менен жогорку деңгээлге чыгарсамбы деген тилек бар. Студиядагы техникалар өзүмдүкү. Жаңы ачылган студияга оператор, режиссер, үн оператор, сүрөтчү, айтор, иштөөгө профессионалдуу адистер, жакшы сценарийлер керек. Кызыккан адамдар болсо мени менен кабарлашса болот. Азыркы фильмимди кыйын тартып, кыйратып салдым дегенден алысмын. Бул биринчи кадам. Андан кийин экинчи, үчүнчү кадам кетет. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, акырындык менен барып түзөлөбүз да. Бизге эң негизгиси, курч окуялуу мелодрамалар, комедиялар, кызыктуу сценарий абдан керек. Буюрса, бул студияны келечекте чоң киноконцернге чейин жеткиргенге аракет кылам. Балким бул максатым аткарылып калат, анүчүн абдан көкбет болушум керек.

Тасмага дасыккан артисттер катыштыбы, же башка чөйрөдөн деле аткаргандар барбы?
Артисттерди сырттан алган жокмун. Актерлор – дасыккан профессионалдар. Биздин Кыргыз улуттук академиялык театрдын, Жалал-Абад, Ош драма театрынын артисттери катышты. Фильмди Базар-Коргондун Жон деген айылынан тарттык. Тасмадагы массалык көрүнүштөргө жергиликтүү айылдыктар катышты.

Фильмде башкы каармандын образын өзүңүз жаратат экенсиз, кейипкериңиздин тагдыры эмне менен аяктайт?
Фильмде менин кейипкерим аягында асынып өлөт. Аңгемеде чоң апасы Көкбетти ээрчитип, атасы асынып өлгөн өрүк бакка барып: “Атаң ушул жерге асынып өлүп калбадыбы, балам. Ал өлгөндөн көрө мен өлсөм жакшы болбойт беле…” деп сыздап небересине көрсөтөт. Аны уккан бала бакты карап, “атам ушуга асынып өлдү беле, эмнеге өлдү?” деп ойлонуп калат. Сценарий боюнча ал акылын токтото элек, 1-класста окуган, атасын абдан жакшы көргөн бала. Аягында ал бала да атасынын ордуна асынып өлүп калат. Бирок, баласын да аягында өлтүрүп койсок, өтө эле трагедиялуу болуп калат го деп ойлоп, тасмага башкача тарттык. Атасы асынып өлгөн өрүк бакты бала өч алам деп өрттөп жиберет да, өзү таза жолго түшөт. Фильм ушуну менен аяктайт.

Фильмди тартуу биртоп каражат талап кылат эмеспи, демөөрчүсү ким?
Фильмди толугу менен өзүм каржыладым. Баш-аягы беш миң доллардай чыгым кетти. Демөөрчү сурап эч кимге кайрылган жокмун. Негизи табиятыман бирөөнөн бир нерсе сураганды жаман көрөм. Кайра куруу башталганда алып-сатуу менен алектенип, бизнес баштагам. Кытайдан товар алып келип, Россияга сатып, кудайга шүгүр, ал бизнес деле жаман болгон жок. Көп жылдар аракеттенип, өзүбүздүн материалдык абалыбызды оңдоп алдык. Азыр деле ошол боюнча иштеп, катары менен кино тарталы деп чечтик.

Фильмдин режиссеру ким?
Акыркы мезгилдеги жаңы фильмдерди тартып келаткан Канат Касенов деген жаш режиссер биздин тасманы да тартып, операторду, жарык берүүчүлөрдү өзү тандады. Бул абдан аз бюджеттүү тасма. Фильм бир саат жыйырма мүнөткө созулат.

Көкбет баланын образын ким жаратты?
Улуттук академиялык театрда иштеген артист Аскат Сулаймановдун 4-класста окуган уулу аткарды. Кино тартуу процесси 15-февралдан баштап, айдын аягына чейин созулду. Бир күн да токтогон жокпуз. Эл бул фильмди апрелдин аягында көрүп калат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.