Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз-казак-орус тилдериндеги макал-лакаптар жыйнагын чыгарды

Аталган элчиликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, ушул жумада эки элдин макал-лакаптардан турган жыйнагы жарыкка чыкты. Китепче түрүндө чыгарылган, окурмандар чөнтөгүнө салып жүрүүгө ыңгайлуу бул алгачкы эмгекти чыгарууда элчилик эки элдин достугун, маданий, адабий карым-катнашын күчөтүү максатын көздөгөн. Үч тилде жарык көргөн бул эмгек келечекте толукталып, оңдолуп, көлөмдүү болуп чыгарын да кошумчалашты элчиликтин маалымат кызматы.

Э.Момунов, «Кабар» МА, 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.