5-сабак: Ата – кербен

Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат. Мухаммед пайгамбар алейхис-с-салам айтат: «Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр»,-деп. Ислам дининде атанын баркы, кадыры өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат.

Кайсыл бир мезгилде, кайсыл бир жерде атасы баласына ыраазы болбойт экен, ата деген сынчы да, «ушул сен, балам, адам болбой калдың» деп уулун жемелей берчү экен. Буга арданган бала өнөр үйрөнүп, башка жактарга барып, намыстанып, акыры кызмат тепкичтеринен жогорулап, атасы жашаган шаарга башчы болуп келет. Келет да, жансакчылары жана жардамчылары аркылуу атасын алдырат: «Мына, ата, сиз мени адам болбойсуң дедиңиз эле, мен шаарбашчы болдум», – дейт. Антсе атасы: «Ооба, менин айтканым төп чыкты, шаарбашчы болгонуң менен адам болбоптурсуң», – деп, эшигин шарт жаап чыгып кетиптир.

Бул жерден ата адамдык менен адистикти, чоң кызматты алмаштырып алган уулунун келечегин көрө билгендиги насаатталып жатат. Эгер баласы адам болгондо шаарбашчы болуп келери менен атасынын астына эң биринчи өзү келсе болмок.

Акын, ойчул Саади мындай бир ибарат айтат:

– Бир жигит бийигирээк дөбөнүн үстүндө колуна келтек алып өз атасын сабап жатты. Аны көргөн калайык катуу каарданып жигитти урмакчы болушат. Баягы келтек жеп жаткан атасы кокуй-наалат кылып элге:

– Уулума тийбегиле, ал өз атасын урууга акылуу. Анткени, мен дагы дал ушул дөбөдө өз атамды келтектеген элем. Мына эми мени өз уулум сабап жатат,- деди.

Акмат Даныш мындай бейт жазат:

Сен атаңа кандай кылдың жакшылык,

Күт балаңдан жакшылыкка жакшылык.

Ата – үй-бүлө кыйынчылыктарын, балдардын азап-тозогун жүктөп бараткан кербен сыяктанат, ал ошол эле кезде коом, көпчүлүк менен өз үй-бүлөсүн туташтырып турган көпүрө, руханий да, материалдык да көпүрө.

Эгер атаңар бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо дагы хадисте насаатталгандай: «Ким атасы көрүстөндө жатканда да ага жакшылык кааласа, атасынан кийин анын досторуна жакшылык кылсын».

Азыр кээ бир адамдарды көрүп калабыз, алар атасын тоготпой, теңтуш кылып алат, же стакандашып дос катары көрөт, айрымдар атасы менен мушташкан учурлар болот. Дагы бирөөлөр атасын «Паланча Түкүнчеевич», «старик», «колхоз» деп шылдыңдап чакырат, ылакап ат коюп алат. Атамы жакшы жерге жайгаштырып койдум, менин ишиме тоскоолдук кылбай калды, карылар үйүндө тели-теңтуштары менен жыргап жүрөт деген балдар чыкты. Карасаң, алардын баары жайында, акчасы да, адеби дале бардай, бирок атасына, энесине мээрими жок.

Кыргыздар Ата журтум дейт, Ата мекеним дейт. «Журт» жана «Мекен» деген сөздөрдүн «Ата» деген сөз менен катар келишинде аябай чоң маани, эсепсиз байлык жатат.

«Бир ата жүз тарбиячыдан өйдө» дейт Ж.Герберт. Ошол атага, энеге биз бир өмүр карызбыз.

Абдыкерим Муратов, «Zaman-Кыргызстан», 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

One thought on “5-сабак: Ата – кербен

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.