80 жылдык юбилейди утурлап…

Быйыл көзү тирүү болсо залкар талант Кыргызстандагы профессионалдык музыканын могиканы СССрдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын жана Манас орденини ээси, СССРдин эл депутаты, Кыргыз эл артисти кайталангыс копозитор, белгилүү дирижер, профессор Калый Молдобасанов 80 жашка чыкмак.

Кыргыз маданият жана искусствосунун түптөлүшүнө тырнактайынан өз салымын кошуп, 12 жашынан В.Шубин түзгөн кыргыз эл аспаптар оркестиринде музыкант болуп иштеп, Муратаалы, Молдобасан, Осмонкул, Калык, Ыбрай, Муса, Атай, Калмурат, Шаршен ж.б. улуу таланттар менен аралашып, таалим-тарбиясын алып, комузун көтөрүп, 1939-жылкы Москвада өткөн декадага чейин барып, өз өнөрүн тартуулап келген. Биринчилерден 13 жашында Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына татыктуу болгон. Кийин “Куйручук”, “Саманчынын жолу”, “Маңкурт” сыяктуу балет-ороторияларын жазып, элге жүздөгөн өлбөс-өчпөс чыгармаларын жаратып берип кеткен залкар инсан Калый Молдобасановду эскерүү мен кыргыздын атуулумун деген ар бир жаранды кайдыгер калтырбаса керек. Кыргыз элин дүйнө элине тааныткан үч киши болсо, ошонун бирөөсү Калый Молдобасанов деп ачык элге айтууга негиз бар. Эгерде бул инсанды эл билбесе, талантын тааныбаса 15 Союздук Республиканын чыгармачыл жамааты бир добуштан эч качан СССРдин эл депутаты кылып шайлап алмак эмес. Ишеним көрсөтмөк эмес. Өзүнүн адамкерчилиги, чыгармалары, жөнөкөйлүгү, тазалыгы менен элге сиңген бирден-бир адам эле.

Мына ушундай дүйнө эли билип-тааныган адамды биздин кыргыз элибиз, азыркы бийлик башындагы билермандар кандай түшүнүп, кандай баалайт, кандай эскерет, кийинки муундарга атын кандайча калтырат бул – алдыдагы иш.

Алкынып, албуут толкун чарпып айга,
Абалтан арыш керет Нарын дайра.
Кыдырып дүйнө элинин учу-кыйырын,
Кыргызды тааныткан бир симфония.
Апсундап жүрөктөрдү арбап алган,
Ал сиздин музыка го Калый ага!

Чыгармаң дүйнө кезип, так айланды
Так берди, тамшандырды далайларды.
Санжыра “Саманчынын жолу” менен,
Сахнада чагылдырдың калайманды.
Ээргитип улуу жолго алып чыктың,
Жоктогон уул, жарын Толгонайды.

Жолугуп эл чечег Куйручукка,
Жоругун элге жайып бийлетиңиз.
Жоругу жолдо калсын Жоломандын,
Энеге жаа тартаарын билбептирбиз.
Боздогон боз каймолго тил киргизген,
Калый ага, музыкада деги пирсиз.

Калбагандай сиз албаган наам, сыйлык,
Кыргыз Гимнин жаздыңыз ошол сыймык.
Жаңырды Гимниңиз чет элдерде,
Жан жыргатып ырдадык, тыңшап уктук.
Көтөрүлсө элибиздин ыйык туусу,
Кубангандан көз жаш алып тике турдук.

Чыгаан шумкар бийликтерде сызат да,
Эч ким билбейт ал тураарын канча баа.
Жомоктоп айтып берер муундарга,
Ак калпактуу – Ала-Тоо, кутман талаа.
Түбөлүк жашай берет кылымдарга,
Ырларында өзүңүздөй адам гана.

Жалил Сыдыков, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.