«Айтыштын» чүрпөлөрү

Кыргыз кино казынасы кыска метраждуу бир нече фильмдер менен толукталды. «Айтышфильм» кино студиясы 2009-жылы тартылган жаңы тасмаларын көрөрмандарга, киносынчыларга тартуулады. Кино Үйүндө Садык Шер-Нияздын «Аян», «Форс-мажор» тасмалары менен катар россиялык жаш режиссёрлор М.Ильинанын «Струна», В.Шахкель-дян-Захарян менен В.Чирковскийдин «Карусель» фильмдери тартууланды. «Струна», «Карусель» тасмалары Москва шаарында Садык Шер-Нияздын продюсерлиги менен тартылып, эл аралык фестивалдарга Кыргызстан жана Россиянын орток продукциясы катары сунушталды. Жогорудагы аталган фильмдердин авторлору Москвадагы сценаристтер жана режиссёрлордун жогорку курсунун бүтүрүүчүлөрү.

Бул чыгармачылык шериктештик келечекте эки мамлекеттин продюсер, кинематографисттеринин тыгыз кызматташуусуна жасалган алгачкы кадамдардан.

«Айтышфильм» киностудиясы 2006-жылдын августунда таланттуу жаштардын чыгармачылыгын колдоо үчүн жергиликтүү кинону өнүктүрүү максатында түптөлгөн.

ЭЛЬВИРА КАРАЕВА, «Zaman-Кыргызстан», 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.