Дүйнө 1000 кишилик бир айыл болгондо…

Independent гезитинен Донелла Миадоу дүйнөнү 1000 адамдык бир айылга салыштырган статистиканы иштеп чыккан. Мына ошонун негизинде даярдалган глобалдуу дүйнөнүн айылдашкан абалын төмөндөн көрсөңүз болот. Канча тил болмок?

Сандарды сүйлөтсөк анда мындай: 165 киши кытайча, 86сы англисче, 83ү индус тилинде, 64ү испан, 58и орус жана 37 адам арабча сүйлөмөк. Айыл тургундарынын калгандары аз сандагы топторго бөлүнүп япон, немис, француз ж.б. 200 тил колдонулуп турмак.

Диндер
Элеттеги элдин көпчүлүк бөлүгүн христиандар түзүп саны 329га жетмек (187си католик, 84ү протестанттар, 31и православдар). Ал эми 178и мусулман, 167си динсиз, 60 буддист, 45 атеист, 3 еврей жана калганы башка диндерди тутунушмак.

Айыл калкы
Бир жыл ичине 28 наристе төрөлүп, анын үчөө эң эле бай делген 200 кишинин баласы болмок. Өмүрүнүн узундугу 65 жылды түзүп, ошол эле убакта өлүмгө дуушар болгондордун саны 10го жетмек. Булардын үчөө ачкачылыктан, бири рактан, калганы башка оору, кырсыктан көз жуммак. 1000 адамдын үчөө ВИЧ вирусун алып жүрүүчүлөр болуп, бирок СПИДди жугузмак эмес. Бир жылдан соң бул айылдын калкынын саны 1018ге жетмек.

Жаш балдар
Дүйнө айылындагы 1000 адамдын үчтөн бири (315) жаш болуп, бирок алардын ичинен 65 киши гана 65 жаштан көп жашамак.

Унаалар
1000 адамдын ичинен болгону 70инин машинеси болмок. Бирок, мына ошол 70 кишинин арасында бирден ашыкча унаасы болгондор да чыкмак.

Айылдыктардын кесиптери
1000 адамдын 5и аскер, 7си мугалим, 1 дарыгер, согуштун жана кургакчылыктын айынан 3ү качкын болуп, калганын жөнөкөй адамдар түзмөк.

Суусу
Калктын үчтөн бир бөлүгү гана таза суу ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок.

Кай жерлик?
1000 адамдын 584ү азиялык, 124ү африкалык, 95 чыгыш жана батыш европалык, 84 латын америкалык, 55 СССРге кирген мамлекеттин эли, 52 түндүк америкалык, 6 австралиялык жана жаңы зеландиялыктар түзмөк.

Бюджети
Айылдын жыл сайын 3 млн. долларлык бюджети болуп, эгер бул сумманы тегиз бөлсө киши башына 3 000 доллардан тиймек.

Байлар
Коомчулуктагы 200 киши жалпы кирешенин 75 пайызын, калган 200 киши болсо болгону 2 пайызына ээ болушмак.

Бюджет эмнеге жумшалмак?
3 млн. доллардын 181 000 доллары курал-жарак жана согуш үчүн, 159 000 доллары билим алууга, 132 000 доллары ден соолукту жакшыртууга каржыланмак.

Сабаттуулук
Айылдагы жашы чоң адамдардын 670инин 50 пайызы сабатсыз болуп, булардын көпчүлүк бөлүгүн айылдын жетишпеген жеринде жашаган аялдар түзмөк.

Ядролук күч
1000 адамдык айыл ядролук курал менен өзүн бир нече жолу жок кыла ала тургандай күчкө ээ болуп, бул куралдар 100 адамдын көзөмөлүндө болмок, калган 900 адам аларды дыкаттык менен абайлап карап бирдикте жашоо мындан ары да уланабы же жокпу деген кызыгуу менен жашамак. Мына ошол куралды өздөрүнүн колуна өткөрүүнүн амалын издеп, эгер алса кайсыл жерге сактай тургандыгын көп ойлонушмак.

Түркия «Zaman» гезитинин жекшемби күнкү тиркемесинин илим бетинен пайдаланылды

ЭЛИЗА ИРАНОВА, «Zaman-Кыргызстан»,10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.