“ЭлТР”чыныгы элдик телеканалга айланат

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, КРнын “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Нурланбек ШАКИЕВ менен маек.

– Нурланбек Тургунбекович, сиз “ЭлТРге” жетекчиликке келгениңизге бар болгону эки айга жакын убакыт болду, ушул кыска аралыкта аталган телеканалда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Алдыда дагы кандай максаттар бар?
– Сөзүмдүн башында бир нерсени ачык айткым келет. Мени ушул кызматка дайындап жатканда урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев мага минтип айткан: “Нурлан, “ЭлТРдин” аты республикалык канал болгону менен, заты ага ылайык болбой жатат. Сен чыныгы республикалык каналдын деңгээлине көтөрчү” деген. Чындыгында телекөрүүчүлөрдүн да пикири ушундай эле. Андыктан мен телеге келген күндөн дээрлик күнү-түнү бүт күч аракетим менен талбай иштеп жатам. Чындыгында “ЭлТРде” бардык жагы оор абалда экен. Мен мурда муну үстүртөн билчүмүн. Бирок баш-отум менен ишке киришкендигимде мен билгенден кыйла оор экендигин билдим. Ошого карабай ишти батыл баштоого туура келди.

Телеканалдын материалдык-техникалык абалынын начардыгына карабай бир жарым айда бир топ телекөрсөтүүлөрдү өзгөртүүгө жетиштик. Мисалы мурда телекөрсөтүүлөрдө көбүнчө өлкөбүздүн түштүк аймагына басым жасалчу. Анткени “ЭлТРдин” башкы кеңсеси Ош шаарында жайгашкан. Азыр болсо мен мындай принципти кармандым: “ЭлТР” республикалык телеканал болгондон кийин бүт республикабыздын аймагына бирдей маани беришибиз керек!”. Азыр өзүңүздөр байкагандай телекөрсөтүүлөрдүн сапаты да, мазмуну да кескин өзгөрдү. “ЭлТРдин” тарыхында буга чейин орус тилиндеги бир дагы көрсөтүү болбоптур. Биз бир айдын ичинде кечки саат 22.00до орус тилинде жаңылыктарды эфирге алып чыгууга жетиштик. Ошондой эле күндүзгү жаңылыктарды киргиздик. Күн сайын 12.00до чыгып жатат.

Мындан сырткары мурда “Кутман таң” көрсөтүүсү 90 мүнөттөн жалаң эле түштүктү же Ошту эле көрсөтүп, Оштон чыкчу. Азыр болсо “Кутман таңды” үч саатка узартып, бир жарым саатын Бишкектен даярдап көрсөтүп жатабыз. Мындан башка “Спорт күн сайын” деп күнүгө кечки саат 19.00дө спорттук көрсөтүүнү чыгара баштадык. Ошондой эле таанымал журналисттер Шайырбек Абдрахмановдун “Добуш”, Бейшенбек Бекешовдун “Эл наркы”, Султан Абдрахмановдун “Доор аяны” автордук көрсөтүүлөрү “ЭлТР” каналында чыга баштады. Мурда маалымат аналитикалык программа жок болсо, эми “Жети күн” жумалык маалымат аналитикалык программасын жекшемби күндөрү чыгара баштадык. Мына ушулардын баары кыска аралыкта жасалган иштер. Алдыда дагы бир топ жаңы, кызыктуу, телекөрүүчүлөрдүн купулуна толо турган теледолбоорлор “ЭлТРден” көрсөтүлмөкчү.
– Сиздерде телекомпаниянын өкүлчүлүктөрү облустарда да биринин артынан бири ачылып жаткандыгын көрүп жатабыз.

– Туура байкапсыз. Мурда Нарында анан Жалал-Абадда гана кабарчылык пункттарыбыз бар экен. Жакында Баткен облусуна ачтык. Эми жакынкы күндөрдө Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусуна ачабыз.

– Анткен менен “ЭлТР” республикабыздын кээ бир аймактарында толук көрсөтпөйт турбайбы?
– Ооба, бүгүнкү күндө биздин телеканалды өлкөбүздүн 70% гана калкы көрө алышат. Тактап айтканда өлкөбүздүн түштүгүндө 5 райондо, түндүктө да 4 райондо тилекке каршы биздин каналды көрө алышпайт экен. Анын себеби ал жерлерде “ЭлТРдин” толкунун таратуучу түйүндөрүбүз (передатчиктер) жок. Буюрса, бул маселе жакынкы айларда чечилүү алдында турат. Мен ушул маселе менен он беш күн мурда Президентибиз Курманбек Салиевичтин кабыл алуусунда болуп сүйлөштүм. Өлкө башчысы аталган маселе боюнча өзүнүн көмөгүн берип жатат. Биз бул боюнча ыкчам аракеттерибизди көрүп жатабыз.

– Телекомпаниянын жетекчилиги алмашканда эле “түрдүү” реформалар башталчу эле, сиз бул жаатында эмне айтмакчысыз?
– Албетте реформа сөзсүз болот. “ЭлТРде” реформа болуп жатканы үчүн жогорудагыдай иштер жасалып алдыга жылуулар болуп жатпайбы. Мага бир топ эле журналисттер, телекөрүүчүлөр тарабынан телефон чалуулар, каттар келип жатат. Анда көпчүлүк кыска аралыкта тездик менен болуп жаткан теледеги өзгөрүүлөргө жылуу пикирлерин айтып жатышат. Билгендер “ЭлТРдин” техникалык мүчүлүштүктөрүнө карабай ушунча жакшы өзгөрүүлөрдүн болуп жатышына таң калууларын жашырышпай айтышууда.
Мен бир нерсени баса белгилеп айтсам, мурда “ЭлТРдеги” телекөрсөтүүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү Оштон даярдалса, мындан ары тескерисинче Бишкектеги студиябызда көбүрөөк болмокчу. Азыр Бишкектеги кеңсебизди кеңейтип жатабыз. Мен өзүм дагы бир жума Ошто иштесем, бир жума Бишкекте иштеп жатам. Анткени көп маселелер Бишкектен чечилет эмеспи. Андыктан Ошто олтура бергенде теленин деңгээлин көтөрүү кыйын болот. Баса, Эл аралык байланыштарды да колго алып жатабыз. Жакында “Би-Би-Си”, түркиялык телеканалдар менен кызматташуу тууралуу иш аракеттерди баштап сүйлөшүүлөр болду. Булардан сырткары чет өлкөлүк телеканалдар менен мамиле кылуу ниеттерибиз бар.

– Бардык эле жалпыга маалымдоо каражаттарында реклама негизги каражат булагы эмеспи. Айрыкча теледе. Бул жаатта кандай жаңылыктар бар?
– Туура айтасыз. Реклама негизги каражат булагы. Менин өзүмдүн негизги кесибим экономист-менеджер болгондуктан бул жагдайга чоң маани берем. Буюрса, бул жагдайда деле мурункуга салыштырмалуу алгачкы ийгиликтер кыйла жогору. Өзүбүздүн каражат менен анча-мынча жетишпеген техникалык жабдууларды сатып ала баштадык. Курулгандан бери ремонт көрбөй, четинен урай баштаган кеңселерибизге аз-аздан ремонт иштерин жасап жатабыз.

– “ЭлТРдин” багыты өзгөрөбү?
– “ЭлТР” бардык телекөрүүчүлөрдүн купулуна толгон заманбап, накта Элдик телеканалга айланат. Ал үчүн “ЭлТРдин” бардык чыгармачыл жамааты бүт күч аракетибизди жумшайбыз.

Жанара КАЛДЫБАЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““ЭлТР”чыныгы элдик телеканалга айланат

  • 02.03.2015 at 19:10
    Permalink

    Саламатсыздарбы эмнегедир ЭЛТРди койсок такыр эле ун чыкпайт эмне учун такая безответсвенность биздики элего десем башкаларда да ушундай экен?

    Reply
    • 03.03.2015 at 09:36
      Permalink

      Саламатсызбы. Бул суроону ЭлТРдин жетекчилигине берсеңиз туура болчудай.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.