Кыргыз кинотасмаларын сактоону жакшыртуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды

Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» КР мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, аталган документ тууралуу КР маданият жана маалымат министри Султан Раев маалымат берди.

Баяндамачынын айтымына караганда, мыйзам долбоору Кыргызстандын улуттук киносун сактоо, кино тармагын өнүктүрүү, алардын ишин ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан. Анткени, ушу тапта Кыргызстандын тарыхына, мурасына байланыштуу бир катар мыкты кинотасмалар бирдиктүү архивде сакталбагандыктан, ар кимдердин колунда жүрүү менен, жоголуп кетип жатат.

Ошондуктан, мыйзам долбоорунда тартылып жаткан кинотасмаларды мамлекеттик бирдиктүү архивдик коруна өткөрүп берүү, өткөрүп алуу, аларды сактоо, эскиргендерин жаңыртуу чараларынын тартиби камтылган.

Азыркы учурда кыргыз киносун өнүктүрүү иштери колго алынып калган. Дүйнөлүк кино рыногуна чыгуу максатында, каражаттар изделип жатат. Ошону менен бирге, эларалык кинокомпанияларды тартуу камылгалары көрүлүүдө.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар кинотасмаларды сактоо маселеси өтө зарыл экендигин белгилешүү менен, мамлекеттик архив имараттарынын абалы өтө нарчар экендиги, аларды оңдоо үчүн каражат бөлүү маселелерине токтолушту.

Мыйзам долбоору кабыл алынды.

Э.Момунов, «Кабар» МА, 10.04.2009-ж.

Соц тармактар: