Султан Раев: «20-й век Фокс» кинокомпаниясы эки улуттук кино долбоорду колдойт

Маданият жана маалымат министри Султан Раев депутаттардын кароосуна “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам долбоору  республиканын маданий жана тарыхый  эстелиги болуп кала турган кинофотодокументтерди сактоого багытталган.

Муну менен катар С.Раев депутаттарга “Кыргызстан өз алдына улуттук амбициялык долбоорлорду коюп, “майда-чүйдө” деп олтурбай мындай долбоорлор үчүн 50-100 млн. сом сарпташы  керек”,- деп кайрылды. “Жакында биз Голливудга барып «20-й век Фокс» кинокомпаниясынын президенти менен жолугушууну пландап жатабыз, алар биздин эки улуттук долбоорду колдоп беришет”,-дейт министр.

«Zpress.kg» МА, 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.