Ыйык бешик

Тенти Адышева
Чынында эле, инсанаттын өткөнүнө же кечээ жакында эле соңку тарыхына көз чаптырып көрө турган болсок, анда нечен-нечен майда жана чоң согуштардын болгонун көрөбүз, биз ал сапырылыштардан адамдын өлүм алдындагы онтогон үндөрүн, кордолгон менен басынтылгандардын ызасын, кайгы-муңдарын, энелер менен балдардын ыйык үнүн туябыз.

Оо, укмушуң кургур! Кечээ жакында эле күчтүүлүктү, баатырлыкты, таш боордукту, башкача айтканда, “душманды” – өзүнө эле окшогон адамды басып-жанчып, өлтүрүп, жок кыла билгендикти баатырдыктын белгиси катары эсептеп келишпеди беле! Ооба, мындай баатырдык жер жүзүн мекендеген бардык улуттар менен элдердин фольклору менен жомокторунда, казалдары менен адабияттарында даңазаланып келбеди беле. Кара ниеттикти, таш боордукту ак пейилдүүлүктүн белгиси катары түшүнүү – эгерде ойлонуп көрө турган болсок, бул ошол ак пейилдикти кордогондук эмеспи. Бирок бактыга жараша, маданияттын жана рухий өнүгүүнүн жүрүшүндө дагы эле болсо ошол тарыхтын таш боор сабактарынын таалымалы жеткен адамзаттын пейили улам оңолууда. Мораль заңы адам турмушунан кара ниеттүүлүктү улам сүрүп чыгаруу менен өзү да улам арбып, күч алууда.

Жансыз жана учу-түбү жок Космосто Жерибиз – адамзаттын бешиги көгүлтүр учкун сымал учуп баратат. Ал учкун өчүп калабы же андан ары да жаркырап, жүрөктөрүндө биздин каныбыз жүгүргөн, баштарында биздин акыл-ойлорубуз оргуштаган балдарыбыздын балдарын койнуна кысып алып, түбөлүк жанып тура береби – бул биздин ар бирибизге байланыштуу болот.

Байыркы кыргыз элибиз найза өңөрүп, Ала-Тоосунун аскаларын калкан кылып, кан жайлоосунда, сырттарында малын багып ээн-эркин таптаза абада конуп-көчүп көнгөн. “Жерибиз бай, элибиз март” – деп кыргыздар сыймыктануучу.

Бүгүн да: “…Аскалуу тоонун боорунда, жамбаштап жаткан сонун да”, – деп ырдап коюп, дүйнөнү каптап келаткан суук, коркунучтуу бороонду кулагыбыз менен уксак да, жүрөгүбүз менен сезбей, камаарабай жатабыз.

Таятам, таяэнем өздөрүнүн өмүр баянын кеп салган сөздөрүндө Тоңдун сырты, Каркыра, Текес деген жерлердин аттары көп учурачу эле. Мен ошол кезде Фрунзе шаары, Сары Өзөн-Чүй өрөөнү, Ысык-Көлдөн башка жер көрбөгөн чүрпө кезим, алардан: “Сырт деген эмне, Текес, Каркыра кандай жерлер болот?” – деп кызыгып сурап калчумун.

Айткандардын баары эсимде жок. Бир эле таятамдын: “Шиберине атчан кишилер киргенде көрүнбөй калчу. Ак калпактары эле көлдүн толкунунда калкып жүргөн ак-куудай көрүнчү”, – деген тамшанган сөзү күнү бүгүн көңүлүмдө түйүлүү.

Чоңойдум, кыргыз жергесин кыдырдым. Баягы аталарыбыз айткан, акындарыбыз ырдаган, сүрөтчүлөрүбүз тарткан кооз жерлер кайда? Эми трактор, машина жетпеген, бирин-серин гана өрөөндөр калды. Ошол жерлерде да ат менен, же болбосо жөө жүрүп чарчап, күндүн ысыгынан көлөкө издеп, бадалдын түбүнө жата калайын десең бөтөлкөнүн сыныгы жайнайт.

Мал санын көбөйтөбүз деп (сапатын көтөрүштүн ордуна) жайытыбыздын 50-60 пайызын бузуптурбуз. Ушул өткөн 40-50 жылдардын ортосунда жерибизде өскөн калың токойдун теңин жоготуптурбуз. Ал эми токой жердин деми эмеспи. Уу заттарды сиңирип, таза аба берип, андан башка көлөкөсү менен жердин нымын сактайт. Токой жоголсо – суу кетет. Суу байыса – көл бөксөрөт.

Ысык-Көлдү башка тилге “жылуу, кышта муз баспаган көл” деп которуп, түшүндүрүп жүрөбүз. Өз ичибизде, өз сезимибизде ата-бабаларыбыздан белек болуп калган Ыйык көлүбүз деп түшүнөбүз. Ушул түшүнүгүбүз, сезимибиз туура экен.

Ата-бабаларыбыз дагы эзелки эле кылымдарда эле ушундай сезимде, түшүнүктө болгон экен. Ошон үчүн көлүбүздү байыркы кыргыз тилинде Ысык (Ыйык) Көл деп атап коюшкан тура. Ушинтип элдин рухий дүйнөсү, жан дүйнөсү терең сезиминде жаратылыш менен адам түбүнөн биргелеш экенин билдирет.

“Көргөн салкын Ысык-Көл,
Көңүлүм эргип шыктанам.
Көйкөлгөн сенин көркүңө
Көргөн сайын суктанам.

Адамга төгүп ырыскы
Артыкча сенин берекең,
Ак бешик болуп терметкен
Айланам, көлүм энекем”.

Ушул ыйык көлүбүздүн бүгүнкү акыбалы көпчүлүгүбүздүн тынчыбызды алып турат.

Ошол Ысык-Көлдү алаканына салып, бапестеп, эркелетип сактап турган кырка тоолордун токою суюлду, жайлоолору бузулду. Көлдү эмизип турган тоо сүтү – чамгарактап аккан дарыялар кемиди, соолду.

Эгиндин түшүмү көп болсун деп айланасына себилген ар түрдүү уу заттар көлдүн тунук суусун булгап жатат.

“Кой, уй, өрдөк фермаларды көлдүн жээгинен жоготкула дейсиңер. Ата-бабабыз деле кылымдар бою ушул көлдүн жээгинде малын багып өтпөдү беле. Эчтеке болгон жок го. Азыр деле эчтеке болбойт. Көл бизге да, балдарыбыздын балдарына да жетет”,- дегендерин уктум. “Булгап ичсе булак да жоголот”, – деген элибиздин ылакабы бар эмеспи. Мына ушинтип камаарабай жүрүп Ысык-Көлдөн он эсе чоң Арал деңизин кандай абалга жеткирдик? Арал деңизди куткаралбай калдык. Арал деңиздин тарыхы – укмуштай чоң өлчөмдөгү экологиялык катастрофа деген чечимге окумуштуулардын көпчүлүгү келишти. Ал эми Аралдан алты эсе чоң Балтиканын акыбалы эмне болуп жатат? Ошолордун көптөгөн кумдуу жээктери сууга түшүү үчүн жарабай калды, себеби, суусу адамга зыян келтиргенге чейин булганыптыр. Эми Балтика, Кара деңиз чоң, андан да ачык деңиздер, суулары океан суулары менен алмашып аралашып турат. Ошондо да ушундай акыбалда. Биздин Ысык-Көлүбүз болсо чакан, тоонун арасындагы чуңкурда жаткан жабык көл. Көл айланасындагы булганыч заттар баары жер үстү, жер асты аркылуу аккан суулар менен жүрүп, акыры көлгө түшөт, көлдө чогулат.

Элибиздин бир ылакабы бүгүнкү күндөрдө туура эмес болуп калды: “Суу жети жолу томолонсо эле таза болуп калат”. Туура эместигинин себеби – азыркы адам кеңири пайдаланган, мисалы, пестицид, гербицид жана башка уу заттар суу миң жолу томолонсо да тазаланбайт. Алар кылым бою сууда, жерде сакталат, зыянын келтирет.

Ысык-Көлгө, башка көлдөрүбүзгө, суу-дарыяларыбызга, дегеле жерибизге, акыры, кишиге келтирген экологиялык зыяндардын арасынан эң эле негиздүү зыян келтирген ар кандай химиялык заттар десек көп жаңылбайбыз. Себеби, ушул ар кандай химиялык заттар – жерге себилгенде суу менен, өсүмдүктөр менен, аба менен, сүт, эт менен адамдын канына, сөөгүнө сиңет. Ошол себептен адам ар кандай ооруга жолугат. Муну биякка коёлу – адамдын эң негизги жан жерине зыян келтирет. Мындан бир нече жыл мурда Сон-Көл жайлоосунда чегирткелер өтө көбөйүп кеткен.Кийин дары сээп чегирткелерди жоготушту.

КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Кулубек БӨКӨНБАЕВ,

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.