Арзымат, өлбөпсүң! (Же эшик ырчы Эл акын, Эл жазуучуларыбызга ода)

«Что спасает человека? Совесть. Что спасает Россию? Правда. Что делать? Жить по совести и Правде!»
Ф.Достоевский

Учурдагы дүйнөлүк адабиятта болуп аткан процесстерден кыргыз дегеле кабарсыз. Дүйнөлүк эмес, XIX кылымда болуп өткөн орус адабиятынан атчабым алыста. Күмүш доорундагы орус адабиятына үйүр-үйүр күргүштөп кирген символист, футурист, акмеист, ижаминист, обэриут акындардын агымы чыкканын карап отуруп, учурдагы кыргыз адабиятында эмне агымдар пайда болгонуна саресеп салсаң, жакаңды уучтайсың. Жалаң ода жазган акындардын сүрмөтоп агымы. Деги кыргыз эмнеден алдыда? Кошоматчылык, жуукурчулуктан эч бир дүйнө элин алдына салбас. Эшик ырчылардын анабашы деген Арзымат биякта калды. Башкасы башка, Эл акын, Эл жазуучуларыбыздын жарыкка чыккан китептери колуңа тийгенден кийин Арзыматтын арбагын козгобой ак кой.

Акын-жазуучу – ириде ойчул. Демек, ал – улуттун мээси, көрөңгөсү, эркечи. Анын акыл шооласы улутту алга жетелеп, элин агартып, муундан-муунга калар мурас. А бизде кандай? Бизде бүгүн  «тирүү классик»  атангандардын эшик ырчыга айланбагандары өтеле аз калды, өтө!

Кыргыз бүгүн жарык энергиясы жетпей атканына чачын жулганы кокуй эмес, анык кокую: мээсинен жарык өчкөнү турат. Дүйнө эли алдыга өнүгүп атат, а кыргызчы? Кыргыз көтүнө кетти. Мектеп партасындагы балдарыбыз өз эне тилинде ыр жаттап, жомок окуп атабы? Жок. Себеби, акын-жазуучуларыбыз балдар адабиятын унутту. Балдар адабиятын азыр тили келегей илимпоздор жаратып атат. Алар жазган чыгармалардын көптүгүн балдар эмес, биз – чоңдор түшүнбөй турган тилде жазылууда. Ал чыгармалар дегеле көркөм чыгарманын тили эмес. Ал эми театр сахнасына коюлган чыгармалар; жалаң баатырлардын даталуу мааракесине арналган спектаклдер. Жарыкка чыккан ыр китептерди барактасаң, көбү одага шыкалган. Прозалары жалаң баатырларга арналып жазылууда. Анан эмнеге эл театрга келбейт, китеп окубайт деп уңулдайбыз? Элдин театрга келбей, китеп окубай калганына сооп болуптур деген киши жок. Ириде, көркөм чыгарма дегениң жеке культтан алда канча бийик ко.

Кыргыздын байыркы тарыхын кыйратып билбейм, а соңку тарыхын карап отурсаң, көрүнгөн элге кошомат кылып шыйпаңдаган эл экенбиз. Анан эмне дейбиз? Бирдеңке десең, баатыр элдин тукуму экенине мактанган теңирчилерибиз толуп кетти. Кыргыз бүгүн ушунчалык майдаланган экенбиз, ага аксакал муундагы акын-жазуучуларыбыздын соңку жылдарда жарыкка чыккан китептеринен мисал келтирсек жетиштүү болор.

Биздей соңку муундагы калемгерлер үчүн Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова, Акбар Рыскулов – адабиятыбыздын жанар тоосундай бийик ысымдар эле. Алардан кийинки Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев сыяктуу акындык дарамети балбылдаган калемгерлер чоң үмүтүбүз болгонун кантейин. Булардын баарысы менен жеке менин кыйышпас мамилем бар. Эч биринен алайын деген өчүм жок. Бирок адабиятка келгенде, жеке мамилебиз биякта калсын. Платон айтмакчы: «Сен досумсуң, бирок чындык дегениң залкар нерсе». Заманың түшкүр кыйынчылыкты дүйнөдө кыргыз эле тартып атпагандыр. Ал кыйынчылыкты кыргыз ичинде жалгыз О.Султанов тартып атпагандыр. Болбосо, учурунда А.Акаев, Ж.Рүстөнбеков, Ч.Баековага ыр арнап жазууга башына эмне күч келди?! 2004-жылы А.Акаев жазуучулар менен маңдай-тескей опера-балет театрында чоң жолугушуу уюштурганда Омокебиздин оозунан: «Урматтуу Аскар Акаевич, Сизди мен мыкты багбан деп эсептейм. Андыктан бийликте 5 жыл, 10 жыл болобу, дагы отуруңуз. Дарактын мөмөсүн эми гана аларыңызда бийликтен кетип калганыңыз жарабайт» деген оюн укпаган калемгер жок. Бирок аны Омокебиздин эсине бүгүн салып көрчү, оозуңду кыйшайта урат. Ал эми 2005-жылы «Бийиктик»  басмаканасынан чыккан «Ашуу төр» аттуу китебиндеги Аскарга деген ырына көз жүгүртсөң, Омокебиз кан сийип ийген акын…

«Кайдан келип, кантип келип калгансың
Как жүрөктөн кетпей калган армансың.
Күлкүң да бир ишенимсиз өткүндөй
Жакшылыкка жар болбогон армансың.

Эртеңкиге өмүрүңдү сайбайсың
Мөңгү эмессиң, жазгы сары кардайсың
Бардыгына башыңды ийип макулсуң
Ар жагыңдан бирок, амал камдайсың.

Эл-журт дебей өзүңдү эле ойлойсуң
Эч нерсеге, эч бир качан тойбойсуң.
Билип турсуң, кереги жок сага анын –
Бир нерсеге бир санааркап койбойсуң.

Күткөн бакыт күндөр жылып кечеңдеп
Күлжигиттер, күлгүн кыздар чет элдеп.
Азына тең, а көбүнөн кем жүрөт
Ак үйдө сен сөз сүйлөйсүң тепеңдеп.

Атаганат, Ала-Тоонун сулп алтын
Алып кеттиң, тоноп кеттиң сыйпалтып.
Арбак, кудай көрүп билип турат да
Ай талаада кал көзүңдү кыйшайтып.

Акыр түбүң оң болбойсуң, көрөсүң
Азыр бизге эл башысың, төрөсүң.
Кудай билип-билбей кылган күнөөңө
Жаза берет, жазмышыңа көнөсүң».
2.12. 2000-ж.

Кызыгы, ыр кайсы жылы жазылганын көрүп атасызбы? Омокебиз андай жолборс экен, а эмне 2004-жылы Акаевдин алдында ушул ырын окуп берген жок? Же гезит беттерине жарыялабайт; же болбосо, «жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» демекчи, ал ырды кийин китебине жарыялагандан эмне опаа? Аталган китептин ичинде ушул ырдан кийин эле К.Бакиевге арналган жалындуу ыры турат. Айрым саптарынан гана мисал:

«Ай туугандай Ала-Тоонун бооруна
Күн туугандай нур төшөлдү жолуңа».

«Ак тилейли купуя да, ачык да
Ай азамат, алаңдаба ашыкпа…»
8. 09. 2005-ж.

Классигиңдин жүзү мына, кыргыз! Омокебиз китепке бул эки ырды жанаша жайгаштырган себеби, актаныш керек да. Жаңы бийликке баатыр көрүнүшү керек. Жаңы бийлик эле О.Султанов Акаевди боктогон ырын китепке жарыялабай койсо жон терисин сыйрып алчудай. Демек, Омокебизге жон терисинен көрө бети сыйрылган кеп эмес экен…Садагага бетин чааптыр. Бул жерде ал өзүн коргоюн деп атып, кордоп атат. Кордогондо да адабияттын бийик беделин. О.Султановдой кыргыз адабиятынын дөө-шаасы минтип бүжүрөп атса, анан кайсы катардагы акынга бийлик төрөлөрүнөн сый болсун! Акын-жазуучулардын азыр эмне үчүн коомдо кадыры жок? Анын себеби, аксакал муундагы Эл акын, Эл жазуучуларыбыз адабияттын беделин тебелетип койгон. Булар өмүр бою ушинтип коргонуп эле келатат. А чын-чынында буларың өздөрүн да, өзгөнү да өмүрү коргой алган жандар эмес.Коргосо, тээ илгери А.Токомбаев тепкиге алынганын кимиси коргоптур? Ч.Айтматовго кошомат кылыш үчүн эле А.Токомбаевдин короосуна басып баргандан чочулашканы кашкайган чындык ко! Т.Усубалиев бийликте турганда колтамга жазып, колдоруна жеткирүүгө зар болгон канчасы кийин Т.Усубалиев тепкиге алынганда коргоду!? Коргосо, «Журт атасы» аттуу Т.Усубалиевге арнап поэма жазган М.Абылкасымова эмнеге коргободу? Ошон үчүн убагында К.Жусубалиев «биздин жазуучулар адам болбой туруп, жазуучу болуп алышкан» деп бекер айтпагандыр. Анткени ашыңды жеп, кадырыңа чыча турган акын-жазуучуларыбыз толтура.

Жогоруда кеп болгон О.Султановдун китебинин алдыңкы барагын ачсаң, «Классиктин дүйнөсүнө кире бил!» деп, кара кылды как жарган калыс сынчың Кадыркул Даутовдун башсөзү жүрөт. Сөздү «Омор Султанов – тирүү классик» деп баштайт. Арийне, кыргыз адабиятында бычакка саптуу эки сынчы болсо, ошонун бири К.Даутов деген пикирлер толтура. Кана, ошол кара кылды как жарган сынчың, классиктин башсөзүн жазып атканда О.Султановдун берметтей тунук поэзиясынын арасындагы  «чаарала» ырларга калыс пикир билдиргени. Сынчынын айткан пикири башсөзгө жарашат эле го.

Тирүү классик демекчи, алардын бири – С.Эралиев. Башкасынан да ушул карыябыз таңдайын такылдатып, көзү ачык акынмын дегендердин бирине баш сөз жазып чыгып, далайыбызды жерге «түү» деп түкүрткөндөн бери адабиятыбыздын астанасын кимдер гана аттабады.

Кыргыздын башында азыр кадырлуу карыя калдыбы? Калды дээрсиң, кыргыз! Деги акылман Бакайдан кийин кыргыздан кадырлуу карыя чыкканы барбы? Саначы! Кыргыздын ичи тээ качан эле бөксөргөнбү? Же карылык дегениң башка улуттун карыларын каруудан алса, кыргыз карыларын шак эле акылдан алабы? Болбосо эмнегеле кыргызда жакшы карыган аксакалдар аз?! Учурдале эмес, дегеле тарыхта эмнеге кыргыздын калыс сөз айткан аксакалдуу карыялары жок?

Үзөңгү-Кууш, Каркыра талашка түшкөн учур эсиңдеби, кыргыз? Ошондо кайсы Эл баатырың, Эл акының, Эл жазуучуң атпай-журт алдында калыс кебин айтып чыкты? Айтмак түгүл, ошондогу ЖК депутаты И.Исаков Үзөңгү-Кууш боюнча «Агымга» макала жарыялап, башына С.Жусуевдин Мекен темасындагы мыкты ыр сабын эпиграф катары колдонуп койгону үчүн И.Исаковду сотко берем деп, чуу салып чыккан. Ошондон кийин Эл баатыр, Эл акындарың Мекенди коргоп чыгарына ишенесиңби, кыргыз?

Туура, адабият тарыхында ода дегениң да мыкты жанр. Эгер махабат азабына чөгүп, арзыган жардын ажарына арнап ода жазсаң. Эч эле болбоду дегенде Ленинге В. Маяковский, Пугачевге С. Есенин поэма арнагандай чыгарманы жазып сал. Бирок Акбар Рыскуловдун канайым М.Акаева же Б.Акаевага («Кудурет» 2003-ж. «Бийиктик» басылмасы) арнаган ырлары андай деңгээлде шаңгырай турган чыгарма эмес да. Азыр эми акындарга ода жазуу өнөкөткө айланып, А.Рыскуловдун соңунан китеп чыгарган Карбалас Бакиров, Атантай Акбаровдун ырлары колумда. Экөө тең мыкты акын. Экөөнү да кара теке сүзүп, өңчөй капчыктууларга арнаган ырлары арбый баштады. Болду болбоду, капчыктууларга ода жазгандан жолдуу Алик Акималиев менен Барчынбек Бугубаев бул экөөнү да кынык алдырып койсо керек… К,Бакиров «Коргондогулар жана чексиздик» (2004-ж. «Бийиктик») ырлар жыйнагында А.Атамбаев, О.Артыкбаев, М.Эшимкановго ода арнаса, А.Акбаров «Тирүү мекен» («Басма Тамга» 2008-ж.) жыйнагында Т.Сариев, К.Байболов, Т.Сарпашев, К.Ташиев, Ө.Абдрахманов, И.Масалиев, Б.Мурзубраимов, А.Мадумаров, А.Бекназаров, И.Исаков, А.Эркебаев, А.Атамбаев, К.Иманалиевге эбегейи эзилип ода жазыптыр.

Алганы буюрсун! Тек, учур адабиятына каңырыгың түтөгөндөн, асыл туткан адамдарыңды да сөгөт экенсиң. Анткендиги ушул адамдардын таасири менен мен да адабиятка аралашкам…

Сөз учугу улана бере турган. Себеби, арзымат акындар жогорудагылар гана эмес, толтура. Арийне, «уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» демекчи, кайсы бир дэңгээлде коомго символ болуп калган эң бараандуу акындарыбыз Арзымат болуп атканын көрүп, соңку муундагы калемгерлердин да ода жазбаганы аз. Көрсө, өнөкөт деген өнөкөт тура.

Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.