«Джаз – Транзит – ШОС» фестивалына кыргызстандык «Соленые орешки» тобу катышат

Ушул жылдын 24-26-апрелинде Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик эстрада театрында «JAZZ – TRANZIT» 18-эл аралык джаз фестивалы өтөт. Иш чара Свердлов областынын Өкмөтү жана Маданият министрлигинин колдоосу менен өтүүдө. Мындай маалымат Шанхай кызматташтык уюмунун расмий сайтында берилген.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы «JAZZ – TRANZIT» фестивалы социалдык-маанилүү мүнөздө болуп, джаз музыкасын өнүктүрүү гана эмес, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого да шарт түзөт. Фестиваль «Джаз – Транзит – ШОС» урааны астында өтөт.

Жалпысынан фестивалга ШКУга мүчө-мамлекеттердин джаз топтору катышат. Алардын арасында кыргызстандык «Соленые орешки» тобу да бар. Мындан тышкары казакстандык «Арт-вокал», тажикистандык «Мизроб», өзбекстандык «Жибек жолу» топтору катышат. Концерттерде салттуу аспаптардан тышкары улуттук аспаптар да жаңырат.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.