Кыргызстандын маданият министрлиги Россия ЖОЖдорунда окуу үчүн чыгармачыл жаштар арасында сынак жарыялайт

Кыргызстандын Маданият министрлиги Москва (Россия) шаарындагы маданий статусу бар жогорку окуу жайларда окуу максатында абитуриенттер арасында сынак жарыялайт. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, макулдашуу бир нече жыл мурун Россия жана Кыргызстан Маданият министрликтеринин келишимдеринин негизинде түзүлгөн. Ага ылайык Россия ЖОЖдору кыргыз студенттери үчүн квоталык орундарды (акысыз билим алууну), камсыз кылышат.

Окууга өтүш үчүн министрлик астында компитенттүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп сынактын жеңүүчүсүн аныкташат.

Бүгүнкү күндө кыргыз жаштары Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК), Россиялык театралдык искусство академиясында (РАТИ-ГИТ), Москва консерваториясында жана башка ЖОЖдордо билим алышууда.

М.Момуналева, «Кабар» МА, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.