Ош областтык драма театры “Гүлсарат” спектаклы менен Түркияда бир жума гастролдо болушат

С.Ибраимов атындагы Ош областтык драма театры Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Гүлсарат” спектаклы менен Кони шаарында бир жума гастролдо болушат. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министринин басма сөз кызматы билдирди. Спектакль буга чейин Ош драма театрынын сахнасында коюлуп көрүүчүлөрдүн жогорку баасына ээ болгон. Түрктөр улуу жазуучу Ч.Айтматовдун эмгегин жогору баалап анын чыгармаларын бийик тутуп, ар кыл иш чараларды уюштуруп келишет.

М.Момуналева, «Кабар» МА, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.