“Шаттык” Түркияда өтчү фестивалга катышат

“Шаттык” балдар бий ансамбли Түркиянын Измир шаарында 16-апрелден 27-апрелге чейин өтчү балдар чыгармачылыгынын эл аралык фестивалына катышмакчы.

“Шаттык” балдар бий ансамбли Түркияда 23-апрель балдар күнүнө карата жыл сайын өткөрүлчү эл аралык фестивалга ар жылда катышып келатат. Аталган фестивалды уюштуруучулар – Түркиянын президенти, премьер-министри жана мыйзам чыгаруу палатасы менен Анкара телекомпаниясы.

“Шаттык” балдар бий ансамблинин жетечиси Сырга Латыпованын айтымында фестивалдын шарты боюнча ансамбль ар жыл сайын жаңы программа менен барууга тийиш:

– Ар жыл сайын Түркиянын ар кайсы шаарларында өтүп келаткан фестивалдарга жаңы музыка, жаңы кийим, жаңы бий менен барабыз. Бийибиз сөзсүз фольклордук жанрда болушу керек. Фестиваль 16-апрелде ачылса, биздин топтон бир бала, бир кыз Түркиянын президентинин, премьер-министриинин кабыл алуусунда болот. Ошондой эле балдар Түркия мамлекеттик мыйзам чыгаруу палатасынды, Анкара телекомпаниясында өтчү салтанаттарга катышышат.

Жаңы программага жараша “Шаттыкта” бийлеген балдардын кийимдери да жаңыланды. Измирде өтчү бул эл аралык фестивалга 20 бала баратат. Фестивалга жаш кыргыз бийчилери “Баба мурас” деген аталыштагы үч бий менен чыгат:

– “Баба мурас” тематикасындагы бийлерди көрсөтүү менен биз кыргыз элинин руханий көрөңгөсүн тааныштырабыз. Мурда дайыма калпак менен барчу элек, быйыл кыздарга да, балдарга да тебетей тиктирдик. Костюмдарды да жаңыладык.

“Шаттык” балдар бий ансамбли өз репертуарын чет элдик бийлер менен да байытууга аракеттенет. Ал үчүн бий мугалимдерин чет жактарга окуп үйрөнүп келүүгө жиберип туруу керек. Жакынкы убактарда “Шаттык” дагы жаңы чыгармачылык сапарларга чыкмакчы:

– Башкы максатыбыз – бий мугалимдерин чет өлкөлөргө семинарларга жөнөтүү менен ансамблдин репертуарын байытуу. Мына үч күндөн кийин үч мугалимибиз Түркиянын Дидим шаарына семинарга жана 7-8 жаштагы бийчи бөбөктөрүбүз фестивалга баратат. Алар “Жаштык ыры”, “Жайлоодогу майрам” бийлерин тартуулашат.

Түркия чыгармачыл балдардын эл аралык фестивалдарын жыл сайын өткөрүп келет. Бул өлкө фестивалдарга чакырылган балдардын жол киресинен башка бардык чыгымдарын көтөрөт. Жолкиреге акчалары жок таланттуу көп балдар мындай фестивалдарга баралбай келатышат:

– “Шаттык” Кыргызстандын туусун желбиретип, чет жактарга кыргыз элинин көркөм өнөрүн тааныштырып келет. Бирок эң таланттуу балдарыбыз жол кирелерин көтөрө албай, барбай калып жатышат. Аларга акча сурап кирбеген жерибиз деле калган жок.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.