Улуттук филармонияда…

15-апрелде Улуттук филармониянын чоң залында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты “Камбаркан” фольклордук ансамбли концерт тартуулайт. Көркөм жетекчиси КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рысбек Жумакунов. Элдик таланттар Токтогул, Ниязаалы, Муратаалы, Атай, Ыбырай ошондой эле Жумабаевдин, Жумакановдун, Абдрахмановдун чыгармалары аткарылат.Көрөрмандар комуздун, кылкыяктын, чоордун, чопо чоордун, аса таяктын, сыбызгынын ж.б элдик аспаптардын жагымдуу үндөрүн угушат.

Солисттер: КР эмгек сиңирген артисттери Бакыт Шатенов, Нурак Абдрахманов, ошондой эле Кундуз Таштаналиева, Дилшат Кангелдиева, Токтобек Асаналиев.
Башталышы саат 18. 00дө.

19-апрелде филармониянын кичи залында классикалык музыканы сүйүүчүлөр үчүн “Орган+” аттуу эстен кеткис концерт болмокчу.

Програмада: С.Бахтын чыгармалары органистка В.Василеванын жана Чүй камералык оркестиринин аткаруусунда угулат. Дирижеру КР эмгек сиңирген артисти Рахан Осмоналиев.
Башталышы саат 18. 00дө.

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.