Булбулдардын устаты

Жайнаган ырчы-чоорчуларыбыздан: «Эмне болуп ырчы болуп калдың эле?» деп сурасаң, дээрлик көпчүлүгү: «Чоң атам комуз чертчү же таянем кошокчу болгон үчүн…» дегенди кайталашат. «Улукмырза Полотовдон таалим алганым үчүн ырчы болуп чыктым» дегендерин укпайсың. Ооба, талант укум-тукум уркунан да болот. Бирок ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчыны көрелекмин. Азыркы базары жүрүп аткан ырчылардын о далайы Улукмырза Полотовдун мектеп босогосун аттаган үчүн эл сүймөнчүлүгүнө, эл аздегине айлангандыр. Алардын ар бирин карапа жасаган устадан бетер тиягынан бир, биягынан бир карап, кимисине кандай нускоо жетпей атканын; кимисине кайсы ыр ылайыктуу экенине толгонуп, анан барып кимисинен ырчы чыгар-чыкпасына көзү жеткен устат. Айылдан ырчы болом деп келген дуңку сезимдеги улан-кыздардын кимисинен ырчы чыгат, кимисинен чыкпайт, Полотов гана дадил баамдайт. Ага чейин элетте кой кайтарып жүрүп тоо жаңырта ырдап же колхоз клубунда майрам сайын эл астына чыгып жүргөнүнөн өзүн булбул ырчы эсептегендин канчасы Полотовдун астына келгенден кийин ындыны өчөт же келечегинде ырчы болор-болбосуна биротоло ынанат.

Бул кишинин ысымын кыргыз музыка тарыхына алтын тамга менен жазсак да аздык кылат. Эмнеге дегенде, таза улуттук колоритте ырдаган Атай, Муса, Мыскал, кийинки Асек Жумабаевдин ырдоо манерасын, ырдоо ыкмасын кийинки муунга өткөргөн устат жалгыз ушул киши. Шакирттерин ырды үн менен эмес, өзөк менен, жүрөк менен ырдоого үйрөткөнү үчүн комуз коштоосунда ырдагандардын бүгүн асманы кеңейди. Ыр көмөкөйдөн чыгат, туура. Бирок көмөкөйдөн чыккан үн менен ырдоо отурушта же тойдо ырдаган ышкыбоздордун деле колунан келет. А бу киши көмөкөйдөн чыккан үндү кантип каңылжаардан чыгарса, үн ошончо бийик көкөлөөрүн арбир окуучусуна какшап жүрүп, чачы бекеринен агарган жок. Жогоруда ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчыны көрелекмин дегеним ошондон. Бу киши өзү профессионал опера ырчысы, ал гана эмес эл аралык кайсы бир вокалисттер конкурсунун лауреаты. Чынында профессионал опера ырчылары менен эл аралык абройлуу сынактардын лауреаттары иттин кара капталынан көп, бирок Улукмырза Полотовдой ошол профессионалдардын бири дагы комуз коштоосунда элдик секетбай ырларды эл алдында аткарып чыкканын укканыңар барбы? Алардын репертуарынан орус жана дүйнө классикасындагы белгилүү ария, романстарды көп эле угуп жүрөбүз. Ал чыгармаларды аткарса Полотов деле башкалардан ашса ашат, асты эч бир опера ырчысынан кем ырдабайт. Тек гана бу киши сахнада ырдоодон да маанилүү мугалимдик жолду тандаганы – кыргыз үчүн алтынга бергис байлык. Себеби, алтын үндүү Атай, Муса, Мыскал, Асектин ырдоо ыкмасын кийинки чыккан ырчыларга машакаттуу жол менен жеткиликтүү үйрөтүп келет. XX кылымдагы улуу таланттардын бири Муслим Магомаев сахнада азербайжан композиторлорунун ырларын аткарса азербайжандардын; орус элдик ырларын аткарса орустун мүнөзү, образы көз алдыга элестеп, ал эми эстрада коштоосу менен ырдаса, таптакыр башка ырчыдай сезилет. Ошол сыяктуу кыргыз ырын кыргызча мүнөздө жеткирген вокалисттерден Полотовдон башка ырчынын ысымы барбы? Бар болсо аны атпай журт өзү айтсынчы.

Вокалдык искусство деле илим экенине Карузо, Шаляпинче түшүнгөн бизде эки мыкты ырчы бар. Бири – Улукмырза Полотов, бири – Талгар Жакшылыков. Экөө эки башка жолу бар устат. Экөөнүн тең артынан котолоп ээрчиген окуучуларына эсеп жетпейт. Экөөнүн тең окуучулары бүгүнкү атпай журтка кеңири таанылган ырчылар. Жакшылыковдун чыгармачылыгына кийин токтолорбуз, сөз бүгүн Полотовдун эл ичинде анча айтылбай келаткан эмгеги жөнүндө.

Кыргызга этностук маданиятты калтырууга ыраматылык Амантур Акматалиев; кыргыз тарыхына жапакеч мамиле жасаган жазуучулардан Кеңеш Жусупов; кыргыздын оозеки чыгармачылык өнөрүн өзүнчө мектеп катары түптөп кетүүгө Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев зор эмгек өтөдү. Анан Карамолдо Орозов черткен комуздун тембрин таппай жүрүп Кудайга зарым жетмей болду деген Нурак Абдрахмановчо нукура кыргызча баалуулукту изилдегендер менен катар кыпкыргызча мүнөздөгү ыр кайрыктарды изилдеген Улукмырза Полотов болду.

Өз доорунда немис композитору Вагнер «ар бир улуттун өзүнө энчилүү операсы болууга тийиш. Эмнеге Европа композиторлорунун баары итальянча опералардын алкагынан чыкпашы керек?» деп чаң салып, операны немис колоритинде жазууга далбастагандан кийин орус композиторлору да опера искусствосуна өз улутунун колоритин жармаштырып, доор алмашкан сайын опера искусствосу ар улуттун мүнөзүн чагылдырар өңүткө бурулган. Муну айткан себебим, Полотов да узак жылдардан бери улутка энчилүү почеркти издеп жүрүп, аны тапты. Мен жогоруда бу кишини карапа жасаган устага окшоштурганым – ар бир шакиртинин үнүндөгү кооздукту тапмайын эл астына чыгарган жок. Вокал искусствосуна илим катары мамиле жасады. 2X2=4 сыяктуу вокал искусствосунда «дыхание есть пение, пение есть дыхание» деген түшүнүктү ырчылык кесипти тандагандардын зээнине куйду.

Элибиз таланттуу эл экенинде шек жок. Бирок талантты таптаганга Полотовдой устат болбосо, азыркы комуз коштоосундагы ырлардын далайы унутта калмак. Аларды азыркы ырчылар ырдайт беле, жокпу, бир жараткан өзү билет. Арийне азыркы комуз коштоосунда ырдагандардын ар бирине «сен муну, сен тигини ырда» деген ушул кишинин экимети менен уккулуктуу элдик ырлар элге жетип отурат. Эң башкысы – элдик казына Полотовдун шакирттеринин аткаруусунда атпай журтка жетип, рухий мурас, рухий таберикке айланып, ар бир ыр өзүнүн жаңы өмүрүн сүрүп келет.

Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.