Нарында биринчи болуп жаштардын билим сайты ачылды

Мындай маалыматты «Жаштар сайтын түзүү» долбоорунун жетекчиси Нурбек Кариев билдирди. Анын айтымында сайт жаштардын билимин, аң сезимин жогорулатуу, ден соолугун чыңдоо жана аны алдын алуу максатында ачылган. – «Ал эми мындан сырткары сайт аркылуу жаштар ачык айкын өз ойлорун жана суроолорун бере алышат» – деди Н. Кариев. Белгилей кетчү жагдай аталган долбоорго «Маги Вумекер Интернешнл» уюму жана Америка Кошмо Штатынын мамлекеттик департаменти тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, «Жаш Данакер», «Бар Бол» коомдук уюмдары тарабынан ишке ашырылып жатат.

«Naryn.KG», 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.