Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар

Редакцияга “Улуттук филармониянын алдындагы “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концертине барсак, концерттин жалпы деңгээли абдан жакшы өткөнү менен айрым ырчылардын ыйык сахнага ичип алып чыккандарына көңүлүбүз кирдеп кайттык” деген маалыматта ырчылардын аты-жөнүнөн да кабардар болдук. Мындай маалыматтардын далайын буга чейин угуп, өзүбүз деле күбө болуп жүргөнбүз. Бирок эл тааныган, эл сыйлаган таланттуу адамдардын талантын сыйлап элге ачык жарыялабай эле келгенбиз. А бул жолу ошол концертке күбө болгон окурмандардын айткандарын кулак сыртынан кетирбей, чын-төгүнүн билүү үчүн Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаевге кайрылдык.

Келдибек Тургунбаев: “Буга чейин мындай нерсе болгон эмес”
– Келдибек агай, Амантай Кутманалиев, Малик Аликеев, Токтобүбү Черикчиевалар жакында эле “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концертинде сахнаны сыйлабастык кылып, эл алдына кызуу абалда чыгышкан экен. Бул тууралуу сиз эмне дээр элеңиз?
17-март күнү “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концерти болгон. Ошол концертте үчөө тең мас чыгышкан. Эртеси жыйналыш кылдык, ошондо Токтобүбү “Мен мындай кордукка чыдай албайм” деп кетип калды. Мен “Арыз жазба, мен көркөм кеңешке салам. Көркөм кеңештин чечиминен кийин жаз” десем, арызын жазып кетип калды. Мейли дедик, башка эмне дейбиз? Сахнада миңдеген киши карап отурса, анын баары көрүнүп турса биздин аброюбуздун түшкөнү да. Бизге андайлардын кереги жок. Алардын мастыгы ырдаган ырларында, черткен күүлөрүндө залда отурган элге билинип калган. Ал эми Амантай Кутманалиев менен Малик Аликеевдерди биз көркөм кеңешке салып, акыркы эскертүү бердик. Алар “экинчи мындай нерсе кайталанбайт. Эгер болсо өзүбүз эле чыгып кете беребиз” деген тил кат жазып беришти.

Мындай көрүнүш буга чейин болду беле?
Филармониянын өзүнүн коллективинде буга чейин мындай нерсе болгон эмес. Мындай нерселердин баардыгы көчөдөн келип концерт койгондордун арасында болгон, боло берет. Бирок филармониянын коллективинде мындай көрүнүш болбойт. Биз ага жол бербейбиз.

Булардын сахнага мас болуп чыкканы тууралуу элден арыз түштүбү? Же өзүңүздөр күбө болдуңуздарбы?
Бизге элдер телефон чалышты. Өзүбүз да көрүп отурганбыз.

Жетекчиликтен жооп алгандан кийин маалымат бир тараптуу кетпес үчүн көпчүлүк кадырлап сыйлаган өнөр адамдарына “Концерттен кийинки сиз жөнүндө айтылган кептен кабардар болсоңуз керек. Сиздердин да өз оозуңуздардан жооп алып, оюңуздарды угалы дедик?” деген суроо салдык.
Алгач Токтобүбү Черикчиевага телефон аркылуу байланыштык.

Токтобүбү Черикчиева: “Өз каалоом менен кеттим”
– Токтобүбү эже, филармониядан кеткениңиз тууралуу мааалыматтын негизинде тактоо катары байланышып жатам. Филармониядан эмнеге кеттиңиз?
Мен өз каалоом менен эле кеттим. Буга чейин үч жолу арыз жазгам. Себеби, мен “Медина” деген киностудия ачкам. Бирок филармониядагы концертке келишимдин негизинде барып турам. Мен филармонияга он төрт жашымда келгем, ал жер менин экинчи үйүм болуп калган десем болот.

Малик Аликеев менен Амантай Кутманалиевден жооп алыш үчүн Улуттук филармонияга барып жолуктук.

Малик Аликеев: “Андай сөздүн далайын укканбыз”
– Эми баары эле жашыл болуп түптүз кетпейт да. Кемчиликтер болот,анан ошол кичинекей кемчиликти бетке кармап алып, баарын жарыялай берген болбойт го. Жыйырма-отуз жылдан ашык иштегендер бар, ошолордун баары эле ушуга чейин кемчилиги жок ырдап келбегендир. Эми “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк” болбойт дейт. Анча-мынча кемчилик кеткендир, анан ошол бир аз кеткен кемчилик үчүн жарга такай берген деле болбойт да?!. Филармониядан мен-мен деген канча залкарлар кетти? Ошолордун деле бир аз кетирген кемчилиги үчүн филармониядан чыгарып жиберген учурлар болгон. Далайлары наам албай кеткен. Ошондой залкарлар албаган наамды биз алмак белек, алар кетирген бир аз кемчилигин бетке кармап чыгарып ийгенден кийин бизди аямак беле деп кээде ойлоп кетесиң. Ал эми ошол күнкү концерт жөнүндө көлдөн, таластан келген көрүүчүлөр “Концерт жакшы өттү, укмуш өттү” деп айтышты. Эми анча-мынча жерден жаңылыштыктар кетип жатты.

Ичкениңиз чын беле?
Ичкен адам концертке чыкпайт да. Жакшы адамды сөз ээрчийт, мен мисалы ага терикпейм. Андай сөздүн далайын укканбыз. Бир жылдары дагы мени ак костюм-шым кийгизип, “Детский мирдин” алдына жаткызып койгон күндөр болгон. Аны ким айтты деп териштирсем балдарыма бир келин “ак костюм шым-кийип алып “Детский мирдин” алдында жатат” деп айткан экен. Ал келинге барсам “Мен айткан эмесмин” деп танып койду. Ал ошентип айткан кезде менин Таласта жүргөнүмө он күн болуп калган. Анын айтуусу боюнча мен арыкта жатып калган имишмин. Мындай нерселер көп эле болот.

Амантай Кутманалиев: “Күнөөбүздү мойнубузга алдык”
– Бул концерттин өткөнүнө бир топ күндөр болуп калды. Биз болгон күнөөбүздү мойнубузга алдык, кечирим сурадык. Иштешип көрөлү, дагы бир жолу кайталанса анда иштен кетебиз дедик. Эми жаманыбызды чыгарып, кичинекей нерсени эле чарадай кылып жибергендин эмне кереги бар?

Сиз үчүн кичинекей нерсе болсо, эл үчүн чарадай эле нерсе болуп жатпайбы. Кечиресиз, бирок сиздердин жакшы гана жагыңыздарды жазганга көнүп калгансыздар да…
Эми анчалык деле чоң нерсе болуп кеткен жок. Концерттен кийин коллективде талкуулоо деген болот да. Бизде деле “Концерттен кийин ким кандай ырдады, комуз чертип жатканда кайсы жерден ката кетти?” деген эле талкуу болгон.

Ушундай окурман! Кантсе дагы биз, сиздер баалап, ырларын сүйүп уккан ырчыларыбыздын атына көө жаап же болбосо жаманатты кылуу максатты көздөгөн жокпуз. Ыры, бийи өчпөгөн улуттун учугу узун болот дешкендей, биздин каалаганыбыз эле эл концертке эс алуу үчүн келип жаткандан кийин өнөр адамдары элди, сахнаны сыйласа деген эле ой. Кыргыздын адабият, маданиятынын тагдырын сактабасак, сыйлабасак келечек муундарыбызга кандай үлгү, тарбия көрсөтө алабыз?!

Эмне калтырабыз?!.

Д. Кемелова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.