Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги конкурс жарыялайт

Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги Россиянын чыгармачыл ЖОЖдоруна Кыргызстандыктардын тапшыруусу үчүн конкурс жарыялайт. Ведомстводо билдиришкендей кийинки сынактын шарты аныкталган. Конкурс Гнесиных атындагы Россиянын музыка академиясында, театр искусство академиясында өткөрүлмөкчү, ошондой эле Москава мамлекеттик маданият университетинде да өткөрүлөт.

Москвадагы ЖОЖдордон башка дагы Санк-Петербургдагы эки ЖОЖго тапшырууга конкурс өткөрүлөт. Алар Орус балет академиясы жана Римский-Корсаков атындагы Санк-Петербург мамлекеттик консерваториясы. 2009-жылы сынак Бишкекте Россиянын ЖОЖдорунун өкүлдөрү тарабынан кабыл алынмакчы бирок алгачкы тандап алууну чыгармачыл конкурстун жүрүшүндө КР Маданият министрлигинин комиссиясы жүргүзөт, ал 2009-жылдын 13-майынан 17-майына чейин өткөрүлөт. Документтер 4-майдан 12-майга чейин кабыл алынат.

МТ, «Кабар» МА, 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.