Айбек Дайырбеков: “Голливуд бизди көрсөтпөйт, ошондуктан…”

Эгемендүү Кыргызстанда биринчи жолу чет өлкөлүк тасмаларды кыргызчалаштырып чон экранга, кинотеатрларга прокатка чыгарууну Central Asia Film компаниясы баштоодо. Компаниянын негиздөөчүлөрү кыргыз жаш режиссеру Айбек Дайырбеков жана өзбек жаш режиссеру Шухрат Каримов. Негизги максат – кыргыз тилин өнүктүрүү жана Кыргызстандагы кинопрокатты закондоштуруу. Компаниянын ачылган датасы – 2009-жылдын март айы. Эксперимент катары жалпы эл ичинде популярдуу болгон өзбек фильмдеринен баштоодо. “Ажал жолундагы сүйүү” криминалдык мелодрамасы кыргызчаланып биринчи тасма прокатка чыкканы турат.

Айбек, эмне үчүн “Голливуддун” кинолорун эмес, кошуна өлкөнүн кинолорун кыргызчаладыңар?
Биринчиден, “Голливуддун” кинолору Кыргызстанда кинотеатрларда коюлуп жүрөт. Бирок Кыргызстандын кинолору Америка Кошмо Штаттарында коюлбайт. Башкача айтканда, кинодон түшкөн акча аз болсо да чет өлкөгө бир тараптуу кетип жатат. Central Asia Film баштап жаткан иш эки тараптуу болгондуктан өзбек фильмдери Кыргызстанда көрсөтүлүп, ал эми кыргыз кинолору Өзбекстанда көрсөтүлөт.

Экинчиден, “Голливуддун” кинолору кинопленкада болгондуктан аларды кыргызчалап пленкага которуу кеминде эле 50 мин долларды талап кылат. Бул сумма Кыргызстандагы прокаттын эсебинен өзүн өзү актабай калышы мүмкүн.

Кыргызстандын киноишмерлери үчүн мындай долбоордон кандай пайда?
Кыргызстанда кинорынок үчүн бардыгы 6 миллион калк болсо, Өзбекстанда 27 миллион калк. Чогуу 33 миллион. Эсептеп көргүлө, 6 миллиондон кино өзүн өзү бат актайбы, же 33 миллион калктанбы? Кыргызстан менен Өзбекстанда жалпы бир кинорынок түзүүдөн эки тарап тен утат. Ошондой эле кыргыз кино тармагын жана маданиятын Борбор Азия калкынын арасына кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кинокомпаниялары тарабынан копродукцияда кинотасмаларды тартуу мүмкүнбү?
Эки өлкөнүн ортосунда ко-продукцияда кино тартуу мүмкүн гана эмес, алтургай ишке да ашырыла баштады. Март айында Ташкент шаарында тартылган “Светофор” кыскаметраждуу кинотасмасы Кыргызстан менен Өзбекстандын атынан Канны кинофестивалына жөнөтүлдү.

Ал эми кыргызстандык жаш режиссер Санжар Абдыжапаровдун “50 сом” аттуу кинотасмасы Central Asia Film жана “Дул-Дул” студиясы тарабынан жакында эле, апрель айында тартылып бүтүп, кинофестивалдарга жөнөтүлө баштады.

Биздин компания жалаң гана коммерциялык фильмдерди колдобостон фестивалдык кинолор багытында дагы иш алып барат. Толук метраждуу кыргыз кинолорун чет өлкөлөргө прокатка алып чыгууга, ал эми кыска метраждуу тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга алып барууга дистрибюциялык колдоо көрсөтөт. Бирок ал үчүн, албетте, кинотасманын жогорку деңгээлде болуусу талап кылынат.

Жакынкы арада Өзбекстанга прокатка бара турган кыргыз киносу кайсы?
Учурда Өзбекстандын рыногун изилдеп жатабыз. Буйруса Эрнест Абдыжапаровдун “Влюбленный вор” (Ашык болгон ууру) кинотасмасы Ташкентте жайында прокатка чыгат.

Central Asia Filmдин баштап жаткан иштери кыргыз тилин өнүктүрүүгө кандай салым кошот?
Бүгүнкү күндө сатылып жаткан фильмдердин бардыгы орус тилинде кетип жүрөт. Алдыга койгон пландарыбыз аткарылса, дагы 5 жылдан кийин DVDге чыккан кинолордун 50 % көбү кыргыз тилинде чыгып калат.

Бул жаатында биздин биринчи ийгилигибиз, “Ажал жолундагы сүйүү” фильминдеги саундтрек катары колдонулган “Тилегим” ыры дагы кыргызча которулду. Ырдын оригиналын өзбек тилинде ырдаган өзбек ырчысы Инди кыргыз акыны Медер Осмоналиев тарабынан кыргызча которулган ырды өз үнү менен кыргызча ырдаган. Ырдын кыргызчаланышына Ташкент шаарындагы кыргыз диаспорасы көмөк көрсөткөн. Адатта кыргыз ырчылары өзбекче ырдашчу. Өзбек ырчысынын өзбек ырын кыргызча ырдашы тарыхта биринчи жолу болуп олтурат. Бул биздин компаниябыздын алгачкы ийгилиги. Жылдын аягына чейин бул ырчы дагы 3 ырын кыргызча которуп ырдап чыгат.

Жакынкы пландарыңар?
Жакынкы пландарыбызда Өзбекстандан сырткары башка коңшулаш өлкөлөрү менен кызматташууну жолго салууда пландаштырууда.

Кыргыз тилинде прокатка чыккан фильмдердин бардыгы прокат мөөнөтү бүткөн сон тасмалардын эфирдик укугун кыргыз телекомпанияларына өткөзүп беребиз.

Учурда Кыргызстанда тартыла турган толук метраждуу кинотасманы ко-продукцияда чогуу тартууга сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Учурда бир документалдуу фильм тартылып жатат.

Н. Асанкожоева, Э. Мадиева,
«Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

“Ажал жолундагы сүйүү” туурасында

Тасма ак менен каранын, жакшы менен жамандын, аруулук менен ыпластыктын кагылышын сүрөттөйт. Татаал тагдыр бала кезинен кылмыш жолуна салып койгон Жафар менен бардар адамдын эрке, бирок эне мээримине зар болуп чоңойгон кызы Лоланын ортосунда жаралган махабат көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт. Тасма дайыма аруулук жана махабат адам турмушундагы ыплас, жаман сезимдерди жеңип чыгат деген идеяны даңазалайт. Бирок, учурунда туура жолду тандай албай, кыйшык жолго тушүп, адамдарга кыянаттык жасасаң, колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың деген түшүнүк да кеңири камтылган. Учурда аталган кино “Central Asia Film”кинокомпаниясынын заказы менен “Sonun music” компаниясы тарабынан кыргызчага которулуп, үндөштүрүү иштери жүрүүдө. Кыргызчасын белгилүү кыргыз актеру, КРнын Эмгек Сиңирген Артисти Замир Сооронбаев, Асема Токтобекова, шаардык жана “ДЭМ” театрларынын жигиттери үндөштүрүшүүдө. Бул тасманын бет ачаары 23-апрель күнү “Манас” кинотеатрында орун алып, ушул жерде прокатка коюлат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.