Кыргыз цирки Кыргызстандын түштүгүндө гастролдо

Кыргыз мамлекеттик цирки республиканын түштүгүндө 15 күндүк гастролдо жүрөт. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигине цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Таджиев билдирди. Ушул мезгилде Александр Сабяниндин 15 артистен турган тобу Ош жана Жалал-Абад облустарында өзүлөрүнүн цирк номерин көрсөтүшөт. Ал эми 22-апрелден тартып 10-майга чейин Бишкекте Россиянын артистери “Сафари” цирк программасын көрсөтүшөт. Программада – үйрөтүлгөн жети пони, төрт арстан жана башкалар бар. К.Таджиев жылына бардыгы болуп Кыргызстанга чет өлкөлүк 7ге чейинки труппа келээрин кошумчалады.

А.Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.