Макоо карышкыр

(Казак жомогу)

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

–         Мен сени жейм, – дейт.

–         Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, анын үстүнө карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир кызым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу – дейт эчки.


Карышкыр макул болуп, эчкини кое берип, күтүп турат. Эчки болсо барып койчуга карышкыр тууралуу айтып салат. Койчу келип карышкырды өлөрчө сабайт. Карышкыр араң качып кутулат.

Бир күнү ошол карышкыр койду көрүп калат.

–         Эй, кой, мен сени жейм, – дейт.

–         Мейли, – дейт кой. – Жесең же. Бирок мен өлөөр алдында бир бийлеп алайын, уруксат бересиңби?

Карышкыр макул болот. Кой болсо бийлеп-бийлеп, алыстап-алыстап отуруп аягында качып кетет. Карышкыр кайра ачка калат.

Андан ары кетип баратса, талаада жылкы жүрүптүр. Карышкыр ага келип:

–         Жылкы, мен сени жейм, – дейт.

–         Макул, – дейт жылкы. – Эми сен мени куйругумдан баштап же, ага чейин башым чөп оттоп турсун, макулбу?

–         Мейли, – деп карышкыр жылкынын артына барат. Жылкы болсо аны келиштирип туруп тээп салат.

Ошентип карышкыр өлүп калыптыр.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.