Мэлс Акынбековдун көргөзмөсү жана ал тууралу китептин бетачары өтөт

17-апрелде мамлекеттик музейде маркум Мэлс Акынбековдун көргөзмөсү жана ал тууралу китептин бетачары өтөт. Учурунда анын “Алайкуу өрөөнүндө” аттуу эмгеги Москвадагы Третьяков галереясына алынган.

Сүрөтчү Мэлс Акынбековдун чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру өткөн кылымдын 70-жылдарына таандык. Ошол учурда анын көптөгөн сүрөттөрү союздук республикалардын музейлерине алынып кетип, учурда Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде 17 гана эмгеги сакталып турат. Ошондой эле 70-жылдарда сүрөтчүнүн “Алайкуу өрөөнүндө” аттуу эмгегинин Москванын Третьяков галереясына алынышы – сүрөтчүгө чоң атак-даңк алып келген. Бул иш чараларды Акынбековдун жубайы Либеркүл Акынбекова жана “Кыргыз патент” мамлекеттик кызматы уюштуруп жатат. Либеркүл айым сүрөтчүнүн эмгектеринин өзгөчөлүгүн төмөнкүчө белгиледи:

Тилекке каршы аз жашап калды. Ошентсе дагы артында чоң эмгектерди калтырып кетти. Эми ошондой чоң дөөлөттү, сыймыкты кыргыз баласынын айрымдары гана көтөрүп кетпесе, айрымдары көтөрө албайт экен. Бул өкүнүчтүү нерсе. Ал эми эмгектеринин тематикасына токтолсок, сүрөтчүнүн чыгармачылык диапазону кеңири. Анткени ал чыгармаларында тарыхый жанрга да, портреттик жанрга да, пейзажга, натюрмортко да кайрылат.

Жогоруда белгилегенибиздей, 17-апрелде мамлекеттик музейде көргөзмө менен бирге Мэлс Акынбеков жөнүндөгү китептин бетачары да өтөт. Китепти мамлекеттик “Кыргыз патент” кызматы басып чыгарды. Китепке сүрөтчүнүн эмгектери, анын кыл калемине арналган макалалар кирген:

– Ал жөнүндөгү макалаларды негизинен Кыргызстандын белгилүү көркөм өнөр таануучулары жазган. Мисалы Байышбек Буудайчиев, Гүлчахра Токтосуновалар жазышты. Китепте менин эскерүүлөрүм да бар.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 16.04.2009-ж.

Соц тармактар: