Бишкектеги джаз фестивалы бир сахнада 11 өлкөнүн музыканттарын чогултат

24-26-апрель күндөрү Бишкекте IV эл аралык “Джаз-Бишкек-Жаз” фестивалы өтөт. Ага 11 өлкөнүн – Россиянын, Германия, Франция, Швейцария, Австрия, АКШ, Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан, Туркмения жана Кыргызстандын музыканттары катышат. Бул тууралуу фестивалдын директору Каныкей Мухтарова билдирди.

“Фестиваль салттуу түрдө Бишкекте өтүп, бул багыттагы күйөрмандарды башка мамлекеттерден да күтүп алат. Фестиваль биз үчүн чоН майрам”, – деди Кыргызстандагы Швейцариялык бюронун туруктуу өкүлү Ханс Питер Мааг.

Бул ирет фестивалда этно-джаз музыкасына басым жасалып, катышуучулар өз өлкөсүнүн элдик обонун кошуп музыкалык композиция жаратуулары керек.

Мындан тышкары фестивалга катышкан музыканттар Бишкектеги Кыргыз Улуттук консерваториясында билим алып жаткан студенттерге мастер-класстарды уюштурушат.
Ал эми фестивалдын катышуучулары 27-апрель күнү Ош шаарында атайын концерт беришмекчи.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 18.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.