Үч кыргыз фильми «Шакендин жылдыздары» кинофестивалына катышат

«Шакендин жылдыздары» жетинчи Эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан үч фильм катышат. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Кинематографисттер союзунун төрагасынын орун басары Гүлбара Төлөмүшева билдирди.

Анын айтымында, 16-майдан 22-майга чейин Алматыда фестиваль өтөт. Кыргызстандын үч фильми дароо эки конкурстук программаларга катышат. «Изат Абдраимовдун «Гүл» жана «Ширенке» деген эки мультфильми «Анимация» номинациясында, ал эми Максат Калдаровдун «Караниет» фильми «Кыска метраждуу ойномо фильм» программасында көрсөтүлөт», -деп кошумчалады Г. Төлөмүшева.

Ш. Төрөгелдиева, ЖТ, “Кабар” МА, 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.