Кыргызча үн салган өзбек тасмасы

Кыргызстан тасма майданында Central Asia Film компаниясы пайда болду. Аталган компания өлкө эгемендик алганы алгач ирет атайын уруксат менен башка улуттун тасмаларын кыргызчалатуу иштерин аткарууда. Максаты – кыргыз тилин өнүктүрүү жана Кыргызстандагы кинопрокатты мыйзамдаштыруу. Азырынча иш эки тараптуу гана жүрүүдө. Эксперимент катары өзбек фильмдеринен баштап, кыргызчаланган биринчи жана жакында эл сынына коюла турган “Ажал жолундагы сүйүү” криминалдык мелодрамасы. Бирок, келечекте аталган компания дагы далай өлкөгө кадамын таштайт. Кыргыз тараптан жаш режиссер Айбек Дайырбеков болсо, Өзбекстандын да жаш режиссерлорунун бири Шухрат Каримов. Жаңы компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, жалаң гана коммерциялык тасмаларга басым жасабастан, фестивалдык багытта да иш алпарууну көздөшөт.

Эмнеликтен, атактуу Голливуд тасмаларынан эмес, а дал өзбекче тасмаларды которуу менен баштаганын уюштуруучулар төмөнкүчө түшүндүрүшөт: жакынкы өлкөлөр болсо, пайда эки тараптуу болот. Кыргыз тасмалары АКШда коюлбайт, бирок, алардын тасмаларын биз көрүп, аз суммада болсо да бир тараптуу пайданы аларга гана кетирип атканыбызды белгилешет. Дагы бир кыйынчылыгы – Голливуд тасмалары кинопленкада болгондуктан, аны кыргызчалоо кеминде 50 миң долларды талап кылат. Ал эми мындай ири сумманы чакан өлкө прокаты актабай калышы мүмкүн. Жалпы кинорынок түзүүдөн Кыргызстан да, Өзбекстан тарап да бирдей утат. Ошондой эле кыргыз кино тармагын жана маданиятын Борбор Азия калкынын арасына кеңири жайылтууга өбөлгө түзүлөт. Кыргыз-өзбек тарап биргелешип тарткан “Светофор” кыскаметраждуу тасма эки өлкө атынан Канн киносынагына жөнөтүлгөн. Ал эми жакын арада Өзбекстанга прокатка Эрнест Абдыжапаровдун “Влюбленный вор” (Ашык болгон ууру) тасмасы барат. Бул тасма кыргыз экранына да чыга элек, ошондо прокат мыйзамына ылайык, Бишкекте да, Ташкентте да бир мезгилде сунушталат.

Central Asia Film жакынкы беш жыл ичинде бүгүнкү DVDге чыккан, орус тилинде сунушталып аткан тасмалардын жок эле дегенде 50 пайызын кыргызчалатуу менен кыргыз тилин өнүктүрүүгө өз салымдарын кошууну максат кылат. Бул жаатында алгачкы эмгеги – “Ажал жолундагы сүйүү” аттуу өзбек тасмасына саундтрек катары колдонулган “Тилегим” ыры да кыргызча которулган. Ырдын оригиналын өзбек тилинде ырдаган өзбек ырчысы Инди кыргыз акыны Медер Осмоналиев тарабынан кыргызча которулган ырды аткарат. Ырдын кыргызчаланышына Ташкент шаарындагы кыргыз диаспорасы көмөк көрсөткөн. Жылдын соңуна дейре бул ырчы дагы 3 ырын кыргыз тилинде ырдап чыгат.
Келечекте балким, ал кыргыз ыр сүйөрмандарына ырларын арнап калышы да ыктымал. А биздин компания кинодон тышкары, шоу багытында да бир катар иштерди алпарышы мүмкүн.

* * *
“Элүү сом”. Ушундай аталыштагы 12 мүнөттүк тасма жаш режиссер Санжар АБДЫЖАПАРОВ тарабынан жаралды. Ага продюсерликти Айбек Дайырбеков, ал эми тасмага түшүргөн Талант Ургазиев болду. Башкы ролдордо – Сайнир Берибаев, Асыл Набиева, Элина Абай кызы жана Умка аттуу ит. Иттин тасмадагы ысымы – Киреше. Бишкектин тегерегинде эле тартылган. Окуя баштан аяк 50 сом туурасында жүрөт. Сарпталат, кайра орду толукталат. Айтор, жаш режиссер турмуштун бир үзүмүн ачып бергиси келген.

* * *
Темир Бирназаровдун “Вечная невеста” же “Арманым Лира”, ошондой эле “Жарык” (“Свет”) аттуу Актан Абдыкалыковдун тасмаларына учурда кастинг уланууда.

***
Май айында Бишкекте жаш кинолордун биринчи республикалык сынагы өтөт. Сынакка демилгечи кинематография департаменти. Ал эми сынактын расмий өнөктөшү – “Жаш кыргыз кинематографисттери” коомдук бирикмеси. Аталган сынакка толук да, кыска да метраждуу, ошондой эле документалдык тасмалар жана клиптер да катыша алат.

***
АКШда жаңы сунушталган тасмалар арасында эң кирешелүү деп “Ханна Монтана” жаштар сериалынын мотивинде топтолгон кинотасмасы табылды. Алгачкы жума соңунда эле прокаттан 34 млн. доллар түшкөн.

***
Бүт россиялык мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ВГТРК) “Красная стрела” деп аталган режиссер Валерий Тодоровскийдин кинокомпаниясын сотко берди. Талабы – “Саркечтер” (Стиляги) тасмасынан түшкөн каражаттын продюсердик кирешесинин жарымынан көбүн төлөтүп алуу. ВГТРК аталган тасманы жаратууга катышып жана 330 миллион рубль жумшаган экен. Билдире кетсек, аталган тасма прокаттан тапкан жалпы кирешеси 500 млн. рублди түзгөн.

***
“Терминатор” жаратуучусу “Весеннее пробуждение” рок-операсын сунуштаганы турат. МакДжи аталган музыкалык долбоорго продюсер жана режиссер катарында чыгууда. Мюзиклде XIX кылымда Германия өспүрүмдөрү сексуалдуулук, зордуктоо, өзүн-өзү өлтүрүү өңдүү түшүнүктөрдү ачканы чагылдырылат. Музыкант Стивен Слейтер жана рокер Данкан Шейк (Duncan Sheik) аталган долбоорду 1891-жылкы немис пьесасынын негизинде жазып чыгышкан. Ал эми МакДжинин өз стилиндеги “Терминатор 4: Да придет спаситель” тасмасы экранга келерки айда чыгат.

***
Джейсоне Борн туурасындагы төртүнчү тасманы 2011-жылы жайында гана көрө алабыз. Бул туурсында Universal Pictures кинокомпаниясы билдирди. Алдын-ала маалыматтар боюнча, тасма Түштүк Америкада тартылмакчы. Эске салсак, “Ультиматум Борна” аталган үчүнчү бөлүгү экранга 2007-жылы чыгып, “Оскардын” үч сыйлыгына татып, ал эми дүйнөлүк прокаттан 440 миллион доллардан ашуун пайда тапкан.

***
70-жылдардын белгилүү порножылдызы Мэрилин Чэмберстин (Marilyn Chambers) сөөгү Лос-Анджелестен табылды. Порноактриса 56 жашта эле. Өлүм себептери такталууда. Чэмберс айым “Жашыл каалга артында” (Behind the Green Door, 1972) аталган тасмадан улам АКШда кеңири таанылган. Киночулардын айтымында, дал ушул тасмада алгач ирет ар башка расадагы адамдар ортосунда жакындык мамилелер көрсөтүлгөн.

***
Кечээтен тарта Бишкек кинотеатрларында “АДРEНАЛИН-2” тасмасы сунушталууда. Бул боевик режиссерлор Марк Невелдин жана Брайан Тейлорго таандык. Ал эми ролдордо Джейсон Статэм, Дуайт Йоакем, Клифтон Коллинз-мл, Линг Бай. Тасмада кытай мафиозу башкы каармандын өлтүрүлгүс жүрөгүн уурдап, анын ордуна батарея менен иштөөчү түзүлүштү коюп салат. Ал энергия менен дайым азыктандырып турууну талап кылат.

***
Келерки жуманын бейшембисинен “ОБИТАЕМЫЙ ОСТРОВ-2. СХВАТКА” фантастикалык боевик тасмасы биздин кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Режиссеру – Федор Бондарчук. 2157-жыл. Адамзат космостук топ түзөт. Ал жылдарда Жердеги каалаган адам космостук корабль алып, өз маршрутун каттатып коюп, жылдыздарга сапар ала берет. Башкы каарман да алыскы планетага аттанып, капыстан касташкан дүйнө менен жападан жалгыз беттешип калат.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.