Жаныш Кулманбетов, драматург-режиссер: “Чыңгыз менен Бүбүсаранын сүйүүсүнө система тоскоол болгон”

Жаныш мырза “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу тасмасынын бет ачарын тартуулаганы атат. Бул тасмада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ыйык махабаты даңазаланат. Кино сүйүүчүлөр атактуулардын махабаты чагылдырылган бул тасманы 21-апрелден 17-майга чейин тарых музейинин кинозалынан көрө алышат.

– Күйөрмандар “Чыңгыз менен Бүбүсараны” чыдамсыздык менен күтүп атса керек, кинотеатрларда коюлабы?
– Биздин кинотеатрларыбыздын баарын бизнесмендер сатып алышкан. Бизнес болгон жерде бизнес-планы бир нече айга түзүлөт да. Ушуга байланыштуу “Октябрь”, “Ала-Тоо” кинотеатрлары бош эмес экен. Ошон үчүн ал жактарда презентация дагы, прокат дагы болбойт. Прокат жасоо үчүн тарых музейинин кинозалын сүйлөшүп койдук.

– Кино жеке өзүңүздүн купулуңузга толдубу?
– Кино эки саат, он эки мүнөт жүрөт. Купулума толду, же толгон жок деп айтуу кыйын. Анткени, мен автормун, ошон үчүн элдин купулуна толушу керек.

– Тасма тууралуу Айтматовдун өзү менен да макулдашканмын деп айтып жүрсөңүз керек эле?..
– Жазуучу жетимиштен өткөндөн кийин Муктар Шаханов экөө “Плачь охотника над пропастью” деген китеп чыгарбады беле, ошондо Бүбүсара экөөнүн мамилеси ачык жазылган. Ошону окугандан соң алгач бул махабат тууралуу пьеса жаралган. Интеллигенция чөйрөсүндө Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсү жашыруун эмес болчу. Пьесаны Чыңгыз Төрөкулович өзү дагы окуп чыгып, “пьесаны ким коет?” деп сурады. Анда раматылык Искендер Рыскулов коем деп даярданып аткан болчу. “Рыскулов даярданып атат” десем, “Ал менин көп чыгармаларымды коюп жүрөт, мен аны билем” деп калды. Андан кийин дагы чыгарма жөнүндө пикирин сураганымда “Жакшы, жакшы. Кийин аны дагы шашпай сүйлөшөбүз” деди. Рыскуловдун көзү өтүп кетип кое албай калды. Андан кийин Алмаз Сарлыкбеков опера-балет театрында коем деп атып, кандайдыр бир себептер менен ал дагы кое албай калды. Жүрүп-жүрүп отуруп чыгарманы өзүм койгонго тура келди. 2005-жылы марттагы окуялардан кийин премьерасын жасадык. Бир ай бою эл кызыгып келип атты. Чыкеме болсо көрсөтө албай жаттык. Элчи болгондуктан театрда көрсөтүлүп атканда ал жок болуп калат. Ал келгенде биз көрсөтө албай калабыз… Былтыр жазында экөөбүз сүйлөшүп калып, ал “майда көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгүңөр барбы?” деп сурап калды. “Даярдап көрсөтсөк болот” дедик. “Эл кандай кабыл алат экен?” дейт. “Акыркы сценаларында ыйлашат экен” десем, “Алда бечаралар ай” деп калды. Анан мен айттым “Чыке, кээ бирлер Айтматов өзү тирүү болсо, эмнеге муну көрсөтүп атасыңар деп атат” десем, “Эмне үчүн көрсөтпөйсүңөр, ал биздин тарых” деп айтты. Ошол жерден спектакль бойдон эле калтырбай фильм кылып тартуу жөнүндөгү оюмду айтсам, “жакшы кыласың” деп колдоду. Тилекке каршы, май айында биз ага көрсөтө албай калдык, анткени катуу ооруп калды…

– Турмуштагы сүйүүлөрү өзүндөй болуп чагылдырылганбы, же айырмачылыктары барбы?
– Чын-чынына келгенде ал экөөнүн жанында эч ким карап турган эмес да. Экөөнүн гана ортосундагы сыр. Бирок, “экөөнүн махабаты ушундай болгон” деген менин дагы түшүнүгүм, көз карашым бар. Бул көркөм чыгарма. Бирок, биз алардын махабаты кандай башталып, кандай бүткөндүгүнөн чыккан жокпуз.

– Тасмада жазуучунун үйбүлөсү жөнүндө дагы барбы?
– Үйбүлөсү жөнүндө бир аз эле бар. Анткени, Чыңгыз Айтматов өз китебинде үйбүлөсү жөнүндө эч нерсе айтпайт. Бүбүсара менен мамилесин гана айтат. “Бүбүсара мага турмушка чыгууга макул болбой жүрдү, мен аны кийин түшүндүм, менин чыгармачылыгыма балта чабылып калбасын деген экен” деп анын даанышмандыгына баа берет. Биз ушул идеяны толугу менен сактадык. Пьесада дагы, тасмада дагы баштан аяк Бүбүсара турмушка чыгууга каршы болот. Себебин деле айтпайт. Анан аягында түнкү вокзалдагы экөөнүн жолугушуусу бар. Ошол жерден Бүбүсара Айтматов менен жашагысы келгенин айтат. “Эмне үчүн ушул кезге чейин каршы болуп келдиң?” деп сураганда, “мен сенин чыгармачылыгыңдын жолун тоскум келген эмес” деп айтат. Мен дагы бир нерсени айтып коюшум керек. Айтматовдун жубайы Керез эженин маеги чыкпадыбы гезитке. “Айтматов үйлөнсө Бүбүсарага үйлөнмөк, абдан акылдуу аял экен. Айтматов эмес, аял башым менен мен ага суктанчумун” дейт. Дал ушул сөздөрүнөн Керез эженин кеменгер аял экенин билдим. Ал киши экөөнүн мамилесин билген, каршы дагы болгон эмес. Бирок, мезгил, система Айтматов менен Бүбүсараны үйлөндүрбөйт болчу. Үйлөнсө, экөө тең жаман атты болуп, анын улуу чыгармаларын тааныбай калмакпыз… “Жамиласы” үчүн аны сынга алып аткандар, экөө үйлөнгөндөн кийин жөн коюшмак эмес. Мына ушул “Жамиланын” линиясы дагы тасмага толук бойдон кирген, ал тургай экөөнүн сүйүүлөрүнө байланышкан.

– Кайсы линиялары?
– Ал жерде жазуучулар “Жамиланы” талкуулашып, Айтматовго каршы интрига уюштурушкандары чагылдырылат. Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп атканда, бут тоскондору дагы камтылган… Балким, Бүбүсаранын көзү өтүп кетпегенде, СССР кулап, экөө чогуу болушат беле…

– Бирок “жетпей калган сүйүү таза бойдон сакталып калат” деп айтылат эмеспи. Балким экөө бири-бирине жеткенде махабаты мынчалык улуу болмок эмес?
– Ал жагы дагы бар. Биз эмнегедир, сүйүүнүн символу катары Ромео менен Жульеттаны, Аксаткын менен Кулмурзаны, Олжобай менен Кишимжанды айтабыз. Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсү дагы ошондой эле легендарлуу махабат экенин унутпашыбыз керек. Драматизм экөөнүн сүйүүсүнө система тоскоол болгонунда жатат.

– Башкы каармандар тууралуу айтып өтсөңүз?
– Чыңгыздын жаш кездеги ролун Азамат Калман, кийинки кезин Темирлан Сманбеков аткарды. Бүбүсараны Махабат Байгабылова ойнойт. Азамат Калманды дагы капыстан эле таап алдым. Киосканын жанынан эле жолугуп калып, кастингге чакырсам “мен актер эмесмин да” деп макул болбой койду эле. Бирок, мен элестеткен ролго нак ушул Азамат дал келип аткан. Анткени, Айтматов дагы жаш кезинде келишимдүү болгон да. Телефондорумду берип койдум, ойлонуп көрүп чал деп. Эртесинде телефон чалып “мен Айтматовду ойногум келип атат” деп тартылууга макул экенин айтты. Тасманы дароо эле тартып баштадык. Азамат ролго бат кирет экен, керек болсо ыйлай турган жерлерде ыйлап жакшы ачып бере алды. Аны дагы тасмадан көрөсүздөр.

Дилбар АЛИМОВА, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.