Айтматовдун чыгармалары табиятты кастарлоого тарбиялайт

Айтматов чыгармаларында Жер тагдырына жалпы ааламдык, жалпы космикалык көз караштан ой жүгүртөт.

21-апрелде Кыргыз техникалык университетинде төрт окуу жайдын окуучулары жана студенттери катышкан “Айтматовдун чыгармачылыгында табиятты коргоо маселеси” деген темада сынак өтөт. Сынактын башкы максаты -жаш муунду Айтматовдун чыгармалары аркылуу тарбиялоо.

Кыргыз техникалык университетинде Чыңгыз Айтматовдун табиятты коргоо маселелерине арналган чыгармалары боюнча өтүп жаткан “ХХI кылымдын интеллектуалдары” аттуу сынакка Бишкектеги №62,13-мектептер, Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжи жана Техникалык университеттин лицейи катышмакчы.

Сынакты уюштуруп жаткан комиссиянын жетекчиси, Техникалык университеттин доценти Бакыт Кубанычбековдун айтымында, сынак төрт раунд менен өтөт: Биринчи раунд – Айтматовдун жалпы чыгармачылыгы боюнча. Экинчи раунд – дүйнөлүк маданият боюнча. Үчүнчү раунд – Ата мекендин тарыхы боюнча. Төртүнчү раунд – Чыңгыз Айтматовдун экологиялык проблемаларды көтөргөн чыгармалары боюнча өтмөкчү.

Кийинки учурда балдарыбыздын билим деңгээли төмөндөп кетти. Биз жаштарыбыз Айтматовду жазуучу катары эле эмес, аны дүйнөлүк улуу гуманист катары окуп билишсе, анын чыгармалары аркылуу билим деңгээлдери ар тараптуу өссө деген максатты көздөп жатабыз. Аталган сынак-оюн сабак деңгээлинде эмес, интеллектуалдык деңгээлде өтөт. Оюнга белгилүү инсандар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жеңүүчүлөр “интеллектуал топ” жана жеке “интеллектуал” деп табылып, аларга Айтматовдун китептери тапшырылат. Ал эми “эң интеллектуал” деп табылган балага хрусталл таштан жасалган Жер планетасынын келбети ыйгарылат,-деп билдирди “Азаттыкка” Бакыт Кубанычбеков.

Кыргызстандагы “Мөңгү” экологиялык фонду кийинки жылдары Кыргызстандын табиятын сактоо-коргоо максаты менен түзүлүп, өлкөнүн аймактарына тиешелүү экологиялык проблемаларды көтөрүп келатат. Чыңгыз Айтматов “Мөңгү” фондун көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы болчу. Бүгүн Техникалык университетте уюшулуп жаткан сынактын эң башкы максаты, “Мөңгү” фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, өзгөчө жаш муундун экологиялык сабатын ачуу:

Өзгөчө жаштарыбыздын экологиялык сабаты төмөн. Табиятты аео, табиятты урматтоо – бул өзүңдү урматтоо, балаңды аео дегендик десең азыркы жаштардын көпчүлүгү түшүнө бербейт. Андыктан биз мындай сынактарды аймактарда да уюштурсакпы деп жатабыз.

Үрүстөм Кабылбеков ыр да жазып, ырларында дал ушул экологиялык проблемаларды көтөрүп келатат. Эмесе автордун өзүнүн окуусундагы төрт сапка көңүл буралы:

Кыргыз-тажик мөңгү атасы экенбиз,
Мына ушуну биз түшүнөр бекенбиз,
Биздин байлык алтын-күмүш, коло эмес,
Суу бар үчүн кылымдардан бекембиз…
Бар байлыкты сактап кала албасак,
Басып жүрүп эл катары бекербиз…

Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, жаш окумуштуу Айнура Кадырмамбетованын пикиринде Айтматовдун “Ак кемесинде” көтөрүлүп баштаган экологиялык маселе “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттө”, “Кассандра тамгасында”, соңку “Тоолор кулаганда” романында жалпы ааламдык маселеге айланат:

– Айтматовдун чыгармаларында “адам экологиясы”, “табият экологиясы” деген маселелер көтөрүлөт. Соңку өзгөрүүлөрдөн “адам экологиясы” деген да термин келип чыкпадыбы. Айтматов чыгармаларында Жер тагдырына жалпы ааламдык, жалпы космикалык көз караштан ой жүгүртөт.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.