Эне тилдин энесин таанытып жатышат

Өлкөбүздүн экинчи борбору Ош шаарынын кап ортосундагы Зайнабетдинов көчөсүндө “Тоо деми” деп аталган Ош облустук үй-бүлөлүк медицина борбору бар. Менин жашаган жерим боюнча ушул борборго көрүнүүгө тийиштүү болгондугумдан, февраль айында кан басымымды өлчөткөнү кирип, кезек күтүп олтуруп калдым.

Андагы чакан үстөлдө бир нече балдардын жана алардын ден-соолугуна тийиштүү түркүн түстүү сүрөттөр тартылган жана тексттери жазылган кооз буклеттер жатыптыр. Кезек келгиче ошолорду окуп калдым. Алардын ичинен бетинде “Железодефицитная анемия и ее профилактика” деген материалды окудум. Бул мамлекеттик жана расмий тилде берилиптир. Аны кыргызчага “Темир жетишсиздигинен пайда болгон ооруулар жана алардын алдын алуунун жолдору” деп которушуптур. Үңүлө карап көрсөм, орусчадан кыргызчага туура эмес которулгандыгы туюлду. А кыргызчага эмне деп которуу керек эле? Менимче төмөнкүдөй которуу керек эле: “Темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук жана аны профилактикалоо”. Мында “анемияны” – аз кандуулук дебестен, “пайда болгон ооруулар” деп таптакыр туура эмес которулган, ал эми “профилактика” деген сөз дале кыргызчага которулбайт, анын эквиваленти жок. Анткени, “профилактика” Юдахиндин сөздүгү боюнча үч маанини түшүндүрөт. Ошондуктан, аны которбостон, кандай жазылса ошондой колдонуу туура болот. Андан ары “Темир – организмдин жашоо алкагында жакшы иштөөсү үчүн керектүү болгон алмашкыс, маанилүү микроэлемент. Темир микроэлементтин тутумуна кирет да, кычкылтекти организмге ташыйт” деп которулганы бар экен. Анын орусчасын окуп көргөндө, кыргызчасынын бир кыйла четтеп же так эмес которулганы байкалат. Окурмандарга айкын болсун үчүн орусчасын келтирели: “Железо – незаменимый микроэлемент, необходимый для нормальной жизнедеятельности организма. Железо входит в состав гемоглабина, который учасвует в транспорте кислорода в организме”. Муну мен төмөнкүчө котордум: “Темир – организмдин нормалдуу жашоосу үчүн зарыл керектүү, алмаштырылгыс майда элемент. Темир гемоглабиндин курамына кирип, организмге кычкылтекти ташууга катышат”. Андан ары да ушундай кемчиликтер кездешип, окугуң келбей калат. Бирок, бул буклетти чыдап окуп чыктым.

Мага кезек келбей жатты. Анткени, кош бойлуу келиндер жана аялдар бир кыйла экен. Жадымда шүгүрчүлүк келтирдим. Анан убакытты өткөрүү үчүн экинчи буклетти колума алдым. Ал мамлекеттик гана тилде жазылып, “Мен бир гана эмчек эмизем” деп аталыптыр. Эми ошонун кыргыз тилинин грамматикасынын эрежелерине жооп бербеген жерлерин келтире кетейин. Анда кандай жазылса, дал ошондой жаздым. Биринчи эле бетинде төмөнкүчө: “Бул китепчеде эмчек эмизүү боюнча керектүү сунуштарды камтыйт. Бул сунуштар көп илимдин изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган, эмчек сүтү – эң жакшы, сиз өзүңүздүн балаңызга өмүргө өбөлгө бересиз… Сизден өтүнүч, алган маалыматыңыз менен өзүңүздүн үй-бүлөңүз менен жана досторуңуз менен бөлүшүңүз!.. Эмчек сүтү – алгачкы 6 айда ымыркай үчүн эң жакшы тамагы жана суусундугу… Ымыркай 6 айга чейин бир гана эне сүтүнө муктаж, ошондуктан тез-тез жана көпкө чейинки каалашынча бир суткада 8-10 жолдон кем эмес, күнү-түнү эмизүү зарыл… Эне эмчек эмизип жатканда үрпү орду сезилбейт… Оозунда эмчектин үрпү (учу) толук оозуна албайт. Эмчек эмизип жатканда эне оорууну сезилет.” Дагы ушул сыяктууулар жазылган. Кыязы, бул буклетти “эне тилимди жакшы билемин” деген бирөө жазган же “орусчадан жакшы которомун” деп көкүрөк каккан бирөө которгон. Ушуларды окуган соң кезек келип калды. көтөрүлүп турган басым дагы көтөрүлө түшүрүптүр.

Мындай буклеттер жогоруда мен атаган үй-бүлөлүк медицина борборунда жайнап жатат. Алар республикадагы эмканаларга жана ооруканаларга таратылса керек. Эми ушуларды окуган жаш энелер, өзгөчө мамлекеттик тилди үйрөнүүгө далалаттанып жаткан “киргиз” жаш энелер кандайча түшүндү болду экен? Менимче, алар түшүнбөсө керек. Мен ошол жайнап жаткан буклеттердин ушул экөөнү гана көрдүм, а калгандарына такаатым жетпеди.

Белгилей кетүүчү дагы бир нерсе, ушул буклеттерди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги чет элдик банктардын жана фонддордун колдоосу менен чыгарган. Ушинтип чыгарган. Кыязы, министрликке эптеп чыгарып эле койсок жетиштүү болот өңдөнөт. Ал эми абалы арабөк эне тилибиздин энесин таанытып койгону менен кыпындай да иши жок.

Мындан тышкары ушул эле борбордун лабораториясынын каалгасына “Далилдөө бөлүмү” деп жазылган. Андагы мээрбан эжеден орусчасын сурасам “Лаборатория исследования” делет деди. Демек, “Далилдөө бөлүмү” деген дегеле туура келбей жатат. Жок дегенде “Аныктоо лабораториясы” деп жазышса, жөндүүрөк болмок. Анализди далилдегидей сот иштери жүрүп жаткан жок го? Анан да айрым кабинеттердин каалгаларына “Семейный врач” деп жазылса, айрымдарына “Далилдөө дарыгери”, “Тиш дарыгери” деп жазылган. Бул кесип негизинен алып караганда “Табып” дегенге туура келет. Ал эми дарыгерчи? Бул врачка таптакыр төп келбейт. Анткени биз “аптека” дегенде “дарыкананы”, ал эми “аптекарды” “дарыгер”, “дары жасоочу” деп түшүнөбүз.

Бул экинчи борбордогу бир эле эмкканадан көргөнүбүз. Ал эми калган жерлердеги ооруканаларда жана башка жерлерде кандай болду экен? Менимче, экинчи борбордо ушундай болсо, калгандарында эне тилибиздин ашмалтайын чыгарып коюшса керек…

Токтобай Сулайманов,“Ачык саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.