Комуздун жаралуу тарыхынан

Үч кылы шаңшып, сырттан жупуну гана көрүнгөн кыргыз комузунун айтып бүткүс тарыхы бар. Мындан эки миң жылдан ашуун мурун эле байыркы Энесай кыргыздарынын колунда ойноп келгенине карт тарых өзү күбөдүр. Комуз үч кыл буроо, капкак, чара, моюн, жана тепкеден тарат. Кичине аспаптан чыккан үн бирде коңур, бирде булбул үндүү созолонуп, уккулуктуу келет. Элибиздин турмуш, жашоо өмүрүн үч кыл күүгө салып койгондой туюлат. Бир гана үнгө жан шерик болбостон, түшүнгөнгө күүнүн мукамы тээ байыркы ата-бабаларыбыздын ыйык турмушу, жашоо көчүн адам элесине тартат.

Ошондой эле комуз коштоосунда үн созолонто, жогорку чеберчиликте ырдап жүрүшөт. Мындай элибиздин нукура жүрөгүнөн эргип чыккан комуз тарыхына кызыгып, аны азыркы коомдун түшүнүгүндө баян кылуу абзел. Комуз биздин элге таандык аспап болгону менен, анын аталышы элибиздин нукура тилинде бир маанини бербейт. Демек, комуз башка элдердин сөзүнөн келип чыкканбы? – деген суроо туулат.

Кытай тарыхчысы Юнан жазган “Таан үстүндөгү маек” аттуу китепте Юндынын биринчи жылы (биздин доордун 33-жылы) Хуннулардын (түрк тилдүү көчмөн уруулардын бирикмеси) Теңир кутуна аялдыкка берилген. Ваң Жияужун кан ордого төркүлөп келгенде өзү менен кошо бир чертмек ала келгени айтылат. Ал жердегилер “Бул эмнең?” деп сураганда, ал “Хунбуз” деп жооп берген. Бирок, кийинки тарыхчылар Жияужун айткан ал “Хунбуз” деген сөз Ханзу (Кытай) тилиндеги “Таптакыр окшобойт” деген маанидеги сөздүн байыркы ханзуча айтылышы – “Хунбиси” экендигин, “Комуз” деген аттын дал ошол сөздөн чыккандыгын айтышат. Бул тууралуу “Жибек жолундагы күүлөр-бийлер баяны” аттуу китепте: “Ван Жияужун Хуннулардын Теңир кутуна аялдыкка өзү чалган пипасын кошо ала кеткен. Бара-бара ал пипа керектен чыгып, өтө зериккен Жияжун туталана баштайт. Муну туйган Теңир кут үч күн ичинде жаңы пипа жасап берүүнү усталарга буюрат. Бирок, усталар жасаган аспап мурдагысына окшобой калган. Ханыша аны чалып көрөт да “Хунбиси” – “Таптакыр окшобойт” дейт. Хуннулар болсо бул сөзгө түшүнбөй, бул айтылган сөз ушул аспаптын аты болсо керек го деп ойлоп, аны өз тилине ылайык “комуз”атап калышкан” – деп келтирет бул эмгекте. Кантсе да кыргыз элинин эзелтен айтылып келген уламыш, же элдик чыгармаларында мындай маалыматтар болбогондон кийин, бул эмгекке эмнегедир кооптонуу менен мамиле жасоого туура келет. Андагы Юнандын жеке пикири “Комуз” “Хунбуз” сөзүнө окшошуп, үндөшүп тураарын жеке көңүлүнө алып, башында “Хунбуз”, “Кумбуз”,”Кумуз” анан “Комуз” болуп айтылып калган деген пикирин билдирип жатса керек. Мүмкүн бул ойдо да канчалык бир деңгээлде чындыктын үлүшү бардыр. Бирок, Комуз кыргыз элине таандык аспап болгондуктан, анын жаралуу күндөрүндө эле, ага элибиздин энчилүү аты Кыргыз диалектисине тийиштүү сөздөрдөн аталуусу керек эле. Комузда кол жөндөмү өзгөчө чеберчилик менен талап кылынгандыктан аны эң оболу “Кол-уз” деп атап калган сыяктанат. Анткени комузду байыркы эл ырга коштоп пайдаланбастан, керемет күндөрүн, кайгы-муңун, азабын, сүйүүсүн күүгө келтирип мукам чертишкен. А түгүл эзелки күүлөрдүн муңунда адам арманы, дастан, кайгысы катылып жаткан өңдөнүп, кээ бир күү түшүнгөндөр анын жандырмагын чечмелеп беришет. Кээси эзелки элдин улуу көчү көз алдыга тартылаарын айтышат. Анда көп жөндөмдүүлүктүн дагы бири, канаттуулар, өйдө-ылдый шилтеп, ийин, чекеге коюп черткенинин өзү кол жөндөмдү, уздукту айгинелеп турарын танууга болбойт. Жангуанхан жазган “Кыргыз салт-санаалары” деген китепте “Комуз” деген сөз кыргыз тил диалекти “Ку оз” деген сөздөн улам келгени, ал “Шумдуктуу үн” же “Укмуштай добуш” деген маани берээри айтылат. Ошондой эле, комуздун дагы бир өзгөчө окшоштугу “Коңуз” менен дагы байланышып кетет. Ал Комузга түспөлү (фигурасы) жагынан да, анан калса коңур добушу, үнү менен дагы салыштырууга болот.

Күнболот Момоконов, «Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.